Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ош мамлекеттик университети 80 жашта!

Ош мамлекеттик университети 80 жашта! Бүгүн Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын флагманы аталган Ош мамлекеттик университети 80 жылдык мааракесин белгиледи. Иш-чара кырдаалга байланыштуу онлайн түрүндө болуп, бир катар бийлик өкүлдөрү түз байланышта куттукташты.

Өлкөдө сот тармагын реформалоо багытында бир топ иштер аткарылууда. Маселен, кылмыштардын бирдиктүү реестри, сот залдарында видео жана аудио жаздыруу, “соттордогу автоматташтырылган маалымат система” программасы жана башка иштер. Мунун баары сот тармагына элдин ишенимин арттыруу, коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркууга, ачык-айкындуулукка багытталган. (2)Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Анда сот системасын мындан ары санариптештирүү, аудио-видео жаздыруу жана соттордо электрондук иш кагаздарын жүргүзүү системаларын толук киргизүү боюнча иштерди күчөтүүгө чакырды.

Борбор калаада коомдук транспорт белгилүү эрежелердин негизинде ишке кирген. Бирок, маршруттук каттамдардын айдоочулары санитардык талаптарга баш ийбей, жүргүнчүлөрдү көп салып жүрүүдө.

Жемкорчулук схемасына байланышы бар Транспорт жана жолдор министрилгинин түзүмдүк бөлүмүнүн 3 кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Алар жарым жылдан бери өткөрмө пункттарындагы онлайн системаны бузулду деген шылтоо менен мамлекеттик казынага түшө турчу 10 миллион сомдон ашык каражатты чөнтөккө салышкан.

Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандар көбөйдү. Акыркы суткада 23 бейтап ооруканадан чыкса, жаңы 74 учур катталды. Алардын ону гана чет жерден келген келгендер болсо, калганы оорулуулар менен байланыш аркылуу жуктургандар.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, көп балалуу жана пенсионерлерге материалдык жардам көрсөтүү иштери уланууда. Бүгүн “Кызыл Ай” коому борбор калаанын “Кара-Жыгач” жаңы конушунда бир катар муктаж үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын таркатты. Кененирээк Айдар Темиралиев баяндайт.