Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бишкек-Кара-Балта унаа жолун куруу иштери уланууда

Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда 9 см калыңдыктагы органоминералдык катмар төшөлүп жатат. Узундугу 45 чакырымды түзгөн жолду курууга 90 ири габариттүү техника жана 40тай кичи техника тартылган.

Кулачын кенен жайган коронавируска акыркы сутка ичинде 37 адам кабылды. Оору жуктургандар Бишкек шаары, Чүй жана Ош облусунда катталып, 21 учур Нарындан аныкталган. Эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берген башкы дарыгер Нурболот Үсөнбаев коронавирусту жеңген жарандардын катары да толукталып, жалпы 1350 учурдун 949у айыкканын билдирди.

Ош шаарында аялдамалар оңдолуп, жаңыланып жатат. Дээрлик 10 жылдан бери каралбаган аялдамалардын жарыктандыруу системасы жаңыланып, жарактан чыккан жарнак айнектери алмаштырылууда. Ошондой эле тегерек чети иретке келтирилип, жумуштар кызуу жүрүп жаткан маалы.

Коммерциялык эмес уюмдар өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу куру сөз менен гана чектелбей, маалыматтарды ачык-айкын бериши керек. Мындай ойлор коммерциялык эмес уюмдар жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө арналган парламенттик угууда айтылды. Көпчүлүк катышуучулар мындай мыйзам өлкөгө керек экенин айтышса, айрымдар бул өзгөртүүлөр менен коммерциялык эмес уюмдардын укуктары чектелип калаарын белгилешет.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндө өткөн брифинг учурунда бюджетке киргизилген акыркы өзгөртүүлөр жөнүндө айтып берди. Анда эсептөө палатасынын жана парламент депутаттарынын сунушун эске алуу менен бюджеттин киреше бөлүгү канчага көбөйгөнү, кайсы тармактарды каржылоо кыскартылганы тууралуу маалымат берди.