Шейшемби, 16 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Абдыкерим Муратов: «Айматов тууралуу макалам ханзу тилинде жарык көрдү»

Бүгүнтөн тартып анализинен COVID-19 чыкпаган, бирок өпкөсү сезгенген жарандар өзүнчө ооруканаларга жаткырыла баштады. Ошондой эле пневмонияга шектелген бейтаптардын дене табы 38°Стан ашса, алар ПЧР-тесттин жыйынтыгын күтпөстөн, атайын даярдалган ооруканага кабыл алынат. Буга байланыштуу медициналык мекемелерде кошумча орундар ачылды.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдеринде коркпостон милдеттерин аткара беришсе болот. Анткени, мындан ары эмгек үчүн кенемте берилет. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков «Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Бишкектеги бардык ири жана чакан базарлар ар жуманын дүйшөмбү күндөрү дезинфекциялоого жабылат. Буга калаадагы эпидемиологиялык абалдын начарлап жатканы себеп. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы бүгүн да базарларда, жарандар көп чогулган жайларда атайын унаа жана кол чачкычтар менен дезинфекциялоо иштерин жүргүздү.

Тез жардам кызматына кошумча 15 унаа тартылды. Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков унаалардын техникалык абалы менен таанышты. Учурда дарыгерлер тобу түзүлүп, элге кызмат көрсөтүүгө даяр.

Эми Саламаттык сактоо министрлиги жаңы алгаритм менен иштеп баштайт. Бүгүнтөн тарта адамдын дене табы 38 градустан жогорулап пневмониянын белгилери болсо, атайын даярдалган ооруканаларга жаткырылат. Бүгүнкү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жаңы 269 учур катталгандыгын айтып, өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык абалга токтолду.

Ошто онлайн кеңеш берүү кызматы иштеп жатат. Анда жарандарга коронавирустан сырткары башка оорулар боюнча да консультация берилет. Борбордун ишке кирүүсүнүн негизги максаты — ооруканага келгендердин санын азайтуу, бейтаптар менен байланышта болуудан сактануу. Акыркы күндөрү күчөп жаткан коронавирустун алдын алуу чаралары Ошто кандай жүрүп жатат?