Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Июнь окуясына 10 жыл

Башкы прокуратурада ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча өзүнчө бөлүм түзүлдү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан кабарлашты.

Алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун арабыздан өтүп кеткенине 12 жылдын жүзү болду. Көзү өтсө да, анын чыгармалары барган сайын жаңыланып басылып, окурмандарынын саны арбып барат. Учурда залкар жазуучунун чыгармалары 196 тилге которулуп, Айтматовду тили чыккан наристеден тарта, ата-апаларга чейин билип, чыгармаларын сүйүп окушат. Бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Айтматовду эскерүү иш-чарасы өтүп, куран окулуп, жаш өспүрүмдөр анын чыгармаларын аткарышты.

Милициянын кайгуул кызматы жакында Ош шаарында ишке киргени турат. Аталган кызматка сынак жарыяланып, кызматкерлерди кабыл алуу иштери башталды. Ош шаарындагы милициянын кайгуул кызматына жалпысынан 219 орун каралган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жасаган иш сапарынын биринчи күнүндө бир катар объектерди кыдырды. Атап айтсак, Ош шаарында жайгашкан “Кыргыз Унаа Курулуш” заводуна баш багып, андагы иштер менен таанышты. Ошондой эле Жапалак айыл аймагындагы 10 калктуу конушту таза суу менен камсыз кыла турган долбоордун курулушунун жүрүшүнө күбө болду.

Эки күндүк иш сапар менен Ошко барган Президент Сооронбай Жээнбеков июнь окуясында каза болгондорду эскерип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл койду. Андан соң каза болгондорго багышталып куран окулду. Мамлекет башчысы шейит кеткендердин туугандарына көңүл айтып, ошол кандуу күндөрдө ушул жерде жүргөнүн, ал окуяларды өз көзү менен көрүп, керт башынан өткөргөнүн эске салды.

Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын катары калыңдап, бир сутка ичинде эле 89 адамдын кайталап алынган анализи таза чыкты. Алардын 59у Чүй облусунун тургундары болсо, калгандары Нарын, Жалал-Абад жана Бишкек менен Ош шаарларынын жашоочулары. Эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берген башкы дарыгер Нурболот Үсөнбаев соңку суткада илдеттин жаңы 38 учуру катталганын билдирди. Буга чейин коронавирус каттала элек Талас облусунун да бир тургунунан илдет аныкталды.

Кандуу коогалаңдан бери 10 жыл өтсө да, бул күндөр азыркыга чейин ар бир кыргызстандыктын жүрөгүн туз сепкендей ачыштырып, күнү бүгүнкүдөй селт эттирип турат. Кылымдар бою ынтымакта жашап келген калктын ортосунда от жагылып, кан төгүүлөргө алып келген коогалаң 400дөн ашык адамдын өмүрүн алган. Ошол июнь окуясында Айтбү Кадырова да өмүрлүк жолдошунан ажыраган. Башынан өткөргөн кайгыны эч кимге каалабайм деген эне төрт баласын татыктуу тарбиялап келет.

Коомдук транспорттордо жана таксилерде санитардык эрежелердин сакталышын, айдоочулардын беткап тагынуусун катуу текшерүү керек. Мындай тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди. Ошол эле учурда айдоочулар дагы жүргүнчүлөрдөн унаанын ичинен маска тагынуусун талап кылуусун жолго салуу керектиги белгиленди.