Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Дөңгөлөк байлаган күйөөсүнүн ур-токмогуна калган аялдын тосмо арызына карабай кылмыш иши сотко өтөт

Дөңгөлөк байлаган күйөөсүнүн ур-токмогуна калган аялдын тосмо арыз жазып бергенине карабай, кылмыш иши сотко өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы маалымдады. Ошол эле маалда Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Аида Исмаилова тиешелүү мамлекеттик органдарга аялдарды жана балдарды зомбулуктун бардык түрүнөн коргоого багытталган мыйзам ченемдеринин кынтыксыз аткарылышын камсыздоону тапшырды.

Жарандар санитардык талаптарды аткарбай жаткандыктан коронавирус илдетине чалдыккандар көбөйүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, акыркы эки күндө эле вирус жуктургандардын саны өсүп кеткен.

Президент Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабдын башчысы Кубатбек Бороновду кабыл алды. Жолугушууда белгиленген талаптарды жана санитардык нормаларды бузгандар мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылышы керектиги белгиленди, анткени илдеттин жайылуу коркунучу сакталууда.

Нарын районунун тургундары менен Кочкор районунун жашоочулары ортосунда жайыт талаш көйгөйү 20 күндүн ичинде чечилет. Мындай убаданы кечээ жерине барган өкмөттүн Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди. Бүгүн бул маселе Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын майып экендигин далилдөө жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти. Буга чейин баланын майып экендигин тастыктоо үчүн ооруканага баланы эки жыл сайын 10 күндөн жаткырып, документтерди ар башка жерден чогултуш керек болгон болсо, учурда анын кереги жок.

1926-жылы чакан жана аттардын жардамында өрт өчүрүлүп келген. Бүгүнкү күндө өрт өчүрүү кызматы тиешелүү техникалык жабдыктары, тажрыйбалуу адистери бар толук кандуу кызматка айланды. Бул кесип ээлеринин жумушу татаал жана түйшүктүү саналат.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө даяр. Эми аталган кызмат тарабынан бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө карата пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлбөйт.

Күлүйпа Кондучалова көзү тирүү болгондо бүгүн 100 жашка чыкмак. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын көрүстөнүнө белгилүү коомдук ишмерлер, анын жакындары, чогуу иштешкен кесиптештери барып куран окушуп, гүлчамбар коюшту. Ошондой эле ишмердин кылган эмгектери, адамдык сапаттары, мамлекетке кошуп кеткен салымдары эскерилди.

Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине жыл аягына чейин кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн 700 млн сом талап кылынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары — Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков билдирди. Март, апрель, май айында иштеген медицина кызматкерлеринин кошумча төлөмдөрү төлөнүп бүткөн. Ал эми июнь айынан баштап жыл аягына чейин медиктер үчүн кошумча төлөнүүчү каражаттар бюджетте каралбагандыктан, каражат тартуу маселеси жүрүүдө.