Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Коронавирус жашы өткөндөр менен өнөкөт оорулары барлар үчүн өзгөчө кооптуу

Дүйнөнү сестенткен таажы вирусу жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана башка өнөкөт оорулары менен жабыркагандар үчүн кооптуу. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттеринин корутундусунда 65 жаштан өткөн жарандар вируска чалдыкса, 15%ы өлүмгө дуушар болот. Алсак, Кыргызстанда коомдук транспорттон, эл көп топтолгон жерлерден вирус жуктургандардын саны арбып баратат. Мындан улам өзгөчө кары-картаңдар үйдөн чыкпай жана санитардык нормаларды сактоосу керек дешет адистер.