Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Беткабы жок жүргүнчү коомдук транспорт менен каттай албайт

Соңку күндөрү борбор калаада илдетти жуктуруп алган жарандардын саны көбөйүүдө. Буга коомдук транспорт менен жарандар көп чогулган жайларда санитардык эрежелер сакталбай жатканы себеп болуп жатат. Мындан улам, «Бишкек троллейбус башкармалыгы» күн сайын троллейбустарда санитардык нормалардын сакталышы боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүүнү күчөттү.

Таланттуу, идеяларга бай айкелчи Тамила Маматова азыр демөөрчүлөргө муктаж. Ал жасаган Айтматовдун скульптурасы кыска убакыттын ичинде социалдык тармактардын колдонуучуларынын көңүлүн бурганга жетишти. Таланттуу айымдын ишине көңүл кош карабаган жарандар суктануу менен бирге, Айтматовдун айкелин баш калаанын ылайыктуу жерине орнотуу үчүн акча чогултуу демилгесин көтөрүшүүдө.

Дүйнөнүн ири мамлекеттеринде коронавирустун экинчи толкуну башталды. Экономикасы гүлдөгөн, медицинасы өнүккөн мамлекеттер таажы вирусуна туруштук бере албай жатат.

Пандемия шартында санарип технологияларын колдонуу өз жемишин берип, инфратүзүмдөрдүн даярдыгын жана мүмкүнчүлүктөрүн сынады. Таажы вирусу инфекциясынын тестирлөөсүн өткөрүп жаткан мамлекеттик лабораториялар өткөн жылы Кыргызстандын кургак учукка каршы кызматына киргизилген Лабораториялык маалыматтарды башкаруу боюнча маалыматтык системаны колдонуу менен ишинин сапатын жакшыртышты.

Өзгөн районунда сырттан инвестиция тартуу, инвесторлордун жардамында социалдык муктаждыктарды жоюу аракети жүрүүдө. Акыркы эки жылда инвесторлордун жардамында аймакта 12 ФАП жана 15 айылга таза суу жеткирилген. Азыркы учурда 60 орундуу төрөт үйүнүн жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 100 турак үй курулуп жатат.

Мындан туура 79 жыл мурун Улуу Ата Мекендик согуш башталып, ага Кыргызстандан миңдеген жоокерлер аттанган. Бул согушта ачык асман, тынчтык үчүн күрөшүп, 150 миңден ашуун кыргыз жоокери курман болгон. Жылда майрамдалып келген 9-май майрамы быйыл пандемияга байланыштуу өткөрүлгөн жок. Анткен менен согуш ардагерлерине тийиштүү көнүл бурулуп, дистанттык форматта иш-чаралар өткөрүлдү.

Бизнес үчүн мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана маалымат борборун куруу. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жаңы төрагасы президентке кыска мөөнөттүү пландары тууралуу маалымат берди. Бүгүн Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кеңешчиси Дастан Догоев жана Мамлекеттик байланыш комитетинин жаңы башчысы Алтынбек Исмаиловду кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстанда санариптештирүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды.

Таажы вирусу күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Акыркы суткада эле Кыргызстанда илдеттин дагы 205 учуру аныкталды. Барган сайын инфекциянын жайылышына жарандардын кайдыгер мамилеси себеп болууда.