Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Малик Аликеев: Ооруканадан чыксам эле концерт берем

Ырчы, аткаруучу Малик Аликеев азыр Бишкекте ооруканада операцияга даярдык көрүп жатат. Элдин колдоосунан дем-күч алып, жакшылыктан үмүтүн үзбөгөн чыгармачыл инсандан биздин чыгармачыл топ да кабар алып келди.

Кыргыз эли эрктүү уулун түбөлүк сапарга узатты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шердин сөөгү Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында жерге берилди. 61 жашында жалган дүйнө менен кош айтышкан коомдук ишмерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, достору жана жакындары катышты.

Коронавирусту жуктуруп алуу тобокелчилигинен улам, кафелерде жана ресторандарда 50дөн ашык адамды тосууга тыюу салынып, абал жакшырмайынча толук ишин жандантууга уруксат берилген эмес. Ага кошумча колду тазалоочу санитайзерлерди орнотуу, имараттарда жана залдарда абаны тазалоочу, кызматкерлерди жана кардарларды бардык дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу талабы коюлган. Талаптардын аткарылып жатканы жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлдөнүп, эскертүүлөр берилип келет. Күн мурун баш калаанын Ленин районундагы кафелерде текшерүүлөр жүрдү.

Акыркы суткада коронавирус дагы 163 адамдан аныкталды. Алардын көбү Бишкек шаарынын жашоочулары. Күндөн-күнгө илдет жуктургандардын саны арбып барат. Айрыкча оор абалда түшкөн жарандар көбөйгөндүктөн ооруканаларда жана обсервацияларда кошумча орундар даярдалып жатат.

Биринчи май райондук сотунда Батукаевдин иши боюнча процесс болуп, сот өкүмүн чыгарды. Судья Эмилбек Каипов окуган өкүмгө ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Аны менен катар үй мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик бардык наамдары менен сыйлыктары артка чакыртып алынды.

Жогорку сот Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу Бишкек шаардык сотунун өкүмүн дээрлик күчүндө калтырды. Күн мурун соттук коллегиянын чыгарган бүтүмүнө ылайык, соттолуучулардан Каржы министрлигинин пайдасына 5 миллиард сомдон ашык материалдык зыянды өндүрүү деген бөлүгү “ортоктош түрдө” деген сөздөр менен толукталган. Ал эми прокурордун кассациялык сунушу жана жактоочулардын даттануулары канааттандыруусуз калтырылган.

Кыйынчылыктарга карабай айлык акылар, пенсия, жөлөк пулдар өз убагында төлөнөт. Бул жөнүндө бүгүн өкмөт үйүндө өткөн брифинг учурунда Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди. Ал пандемия экономикага терс таасирин тийгизип, салыктын жана башка кирешелердин төмөндөшүнө алып келгенин, бирок ага карабай социалдык төлөмдөр толук каржыланып, жылдын аягына чейин маселе болбоорун кошумчалады.

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматына талапкерлерди тандоо боюнча сынакка документтер кабыл алынып жатат. 219 бош орунга жарыяланган ачык сынакка 19 жаштан 35 жашка чейинки каалаган жарандар катыша алат.