Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Мугалимдердин кошумча акысы толук төлөнөт

Бишкек шаарынын агартуу тармагында иштеген кызматкерлеринин айлык акысына жана эмгек өргүүлөрүнө кошумча акы төлөө үчүн пайызсыз насыя алууну Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бир добуштан колдоду. Алгач бул чыгымдар мамлекеттик казынадан каржыланат деп пландаштырылган. Бирок бул каражат быйылкы республикалык бюджеттин эсебине кирбей калган. Ал эми шаар бюджети да пандемиядан көп чыгымга учурагандыктан, мындай милдетти көтөрө алган эмес. Жыйынтыгында пайызсыз насыя алуу чечими кабыл алынып, колдоо тапты.

1-июль — бул жалындап күйгөн өрттү аралап адам өмүрүн аман алып калган же кокусунан тереңдикке түшүп кеткен, сууга чөгүп жаткан жаранды куткарган, жардамга муктаж адамдарды жонуна көтөрүп чыккан, өз өмүрүн тобокелге салуу менен башкалардын өмүрүн сактаган баатырлардын күнү катары белгиленип келет. Адам өмүрү үчүн күрөшкөн куткаруу кызматынын адистери күн түн дебей кызматта турушат.

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустун дагы 279 учуру катталды. Алардын жарымынан көбү Бишкек шаарынынын жашоочуларынан аныкталды. Күндөн-күнгө инфекция илештиргендердин саны көбөйүп жаткандыктан, коомчулукта дарыканаларда дары-дармектердин жетишсиздиги жана кымбаттай тургандыгы айтылууда. Мындан улам дарылардын баасына көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымдады.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жетинчи сессиясы ишин аяктады. Эми эл өкүлдөрү бир ай бою шайлоочулары менен жолугушуп, андан ары дагы бир ай эмгек өргүүсүнө чыгышат. Айрым эл өкүлдөрү өзүлөрүнүн пикирлери менен эл арасында шакабага айланса, кээ бирлери элге пайдалуу мыйзамдарды сунуштап, калайыктын алкоосуна татыды.

Жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышкан Президент Сооронбай Жээнбеков пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Мамлекет башчысы коронавирустун кесепеттерин жумшартуу, темпти сактоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн биринчи кезектеги милдеттерин белгилеп өттү. Ал ошондой эле коомдук жайларда санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбай, салтанат-тойлордун жанданышынан улам илдетти жуктуруп алуу учурлары кескин жогорулап кеткенин айтып, Республикалык штабды массалык той-топурларды өткөрүүгө расмий тыюу салууга чакырды.