Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Күндүзгү стационарларга кайрылган жарандардын саны кыйла кыскарды

Дары-дармектин баасын негизгиз жогорулаткан айрым фармацевтикалык компаниялар жана дарыканаларга карата сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Учурда бул багыттагы 27 иш каралып жатат. Мындай маалымат Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. Отурумда ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттик сатып алуулар аркылуу дары-дармектер менен медициналык жабдууларды алып келүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Гулмира эжеге кол сунам деген боорукер жарандар учун Гулмира эженин телефон номери: 0700 012 — 201

Өкмөт дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Муну менен катар мамлекет алып келген кычкылтек концентраторунун акыркы партиясын аймактардагы ооруканалар менен эмканаларга бөлүп берүү тапшырмасын берди.

Өткөн суткада Кыргызстанда дагы 421 кишиден коронавирус аныкталды. Бул кечээги күнгө караганда азыраак. Ошнтип, өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 11 538ге жетти.