Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ошто эгемендүүлүк майрамы кандай белгиленди?

Ош шаарында да эгемендүүлүк майрамына көп киши чогулган жок. Иш-чарада коронавирус илдети менен күрөшүүдө салым кошкондор сыйланды.

Кандай кырдаал болбосун маалыматтын таралышынан көп нерсе көз каранды. Пандемия учурунда да Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү өз өмүрүн тобокелге салып, кызыл зонага барып иштеп жатышты.

Мындан туура 29 жыл мурда Кыргыз ССРнин Жогорку кеңеши тарабынан Кыргызстандын “Көз карандысыздыгы жөнүндөгү” декларация кабыл алынган. Анын негизинде Кыргызстан өзүн эркин, эгемен жана көз карандысыз мамлекет деп жарыялап, көз карандысыз өлкө катары дүйнө жүзүнө таанылган.

«Коопсуз шаар» долбоору этап-этабы менен ишке ашырылып жатат. Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишине видео байкоо орнотулду.

Эгемендүүлүк майрамы «Ала-Тоо» аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда онлайн форматта өттү. Борбордук аянтка пандемия учурунда элдин саламаттыгы үчүн жан аябай күрөшкөн ак халатчандар, жаш ыктыярчылар, укук коргоо органдарынын жана аскер күчтөрүнүн өкүлдөрү чакырылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолду. Майрам мамлекеттик телеканалдар жана социалдык тармактар аркылуу жалпы элге көрсөтүлдү.

Курулуп жаткан бардык социалдык объектилерди өз убагында өткөрүп берүү жана курулуш иштеринин сапатына көзөмөлдү күчөтүү. Мындай талаптар Премьер-министр тарабынан социалдык объектилердин, жолдордун, суу менен камсыздоо жана ирригациялык объектилердин курулушу боюнча жыйынында айтылды. Кубатбек Боронов белгилегендей, планга ылайык 11 жалпы билим берүүчү мектеп 1-сентябрга чейин пайдаланууга берилиши керек.

Макмал кени жарым жыл мурда жанданып, азыр кызуу иштеп жатат.

Калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу — Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышуу маалында билдирди. Өкмөт башчы ТЭЦтин көмүр кампасы, диспетчердик пункту жана жүргүзүлүп жаткан пландуу оңдоо иштерин көрүп, тийиштүү тапшырмаларды берди.

25 автобустун экинчи колоннасы менен 1563 кыргызстандык Орусиянын Оренбург шаарынан мекенине кайтып келди. Бул иш Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылды.