Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Өлкө башчысы сапарынын алкагында облустагы медициналык объектилердин, ишканалардын ишмердүүлүгү жана жолдордун абалы менен таанышууда.
Учурда дарыгерлерге кайрылгандардын саны азайгандыктан Бишкектеги 2 күндүзгү стационар убактылуу жабылды. Атап айтсак, “Сейтек” мектебиндеги, “Жал” кичи районунундагы №95-мектептин имаратындагы жана Октябрь районундагы “Салтанат» тойканасында уюштурулган күндүзгү стационарлар ишин белгисиз мөөнөткө чейин токтотту.
Премьер-министр Кубатбек Боронов Россия Федерациясынан келген медицина тармагындагы адистерден турган делегациянын өкүлдөрү менен эпидемияга каршы күрөшүү чараларын жана өлкөнүн коронавируска байланыштуу абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды талкуулады.