Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бишкекте жаңы сейил бак пайда болот

Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил багы пайда болот. Президент Сооронбай Жээнбеков ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштады. Бул жөнүндө бүгүн президент сейил бакты кыдыруу учурунда билдирди. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арналган бул парк жакынкы күндөрү колдонууга берилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы № 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана борбор калаанын Свердлов районунун социалдык коргоо системасынын мисалында, медицина жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөлөрүн санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. (2)Анда өлкө башчы санариптештирүү адамдык факторду жокко чыгарып, мамлекеттик түзүмдөрдө калкка кызмат көрсөтүүдөгү коррупцияны кыскартып, каражаттардын көмүскө айлануусун жоё турганын баса белгиледи.

Жаңы окуу жылдан тарта «Мегакомдун» демилгеси менен «Санарип мектеп» долбоору этап этабы менен ишке ашырылып, Кыргызстандагы 10 мектеп заманбап жабдуулар менен камсыздалат. Анын алкагында «Электрондук күндөлүк» кызматы киргизилет.

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 40 миңден ашты. Бүгүн 278 жаңы учур катталды. Ошол эле учурда илдетти жеңип, сакайсп чыккандар да аз эмес.

Быйыл орто мектептердеги окуу жылы салттуу жана аралыктан өтөт. Абал туруктуу аймактарда окутуу салттуу жүрсө, ал эми абал курч жерлерде окутуу иши аралыктан жүргүзүлөт. Мугалимдер балдарды аралыктан мыкты окутуусу үчүн атайын вебинарлар да уюштурулууда.

Эми жарнамалык материалдарга кезек беребиз. Тез жардам унаасы жана 10 даана кычкылтек концентраторлор бүгүн «Акнет» компаниясынын атынан Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды.