Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Музей кызматкерлеринин маянасы көтөрүлдү

Кыргызстанда 250дөн ашык музей кызматкеринин эмгек акысы 80%га жогорулатылды. Министр Азамат Жаманкуловдун айтымында, маданият кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүү иштери этап-этабы менен аткарылып жатат. Өлкөдөгү абал турукташкан соң кезек китепканаларчылардын эмгек акысын көтөрүү иштери башталат.

Кыргызстандын ооруканаларында коронавирус илдетинен учурда 6443 жаран дарыланып жатат. Бүгүн бейтаптардын катарын дагы 300дөн ашуун адам толуктады. Эпидемия башталгандан бери республика боюнча 40 миң 700дөн ашуун адамдан илдет аныкталып, алардын арасынан дарыгерлердин саны 3 миңге чукулдады. Бирок, стационарлардан айыгып чыккандардын саны күн санап арбып барат.

Ар бир тургузулган же оңдолгон медициналык мекеме бейтаптар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу болушу керек. Премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө бир катар медициналык жана билим берүү мекемелери, дыйкан жана фермердик чарбалар жана башкалар менен таанышты.

Санариптиштерүү Саламаттык сактоо тарамагына киргизилгенден баштап Бишкек шаарында электрондук кезек долбоору толугу менен ишке ашырылды. Атап айтсак, портал аркылуу дарыгерлерге жалпысынан 75 миңден ашык шаар тургуну жазылган.

Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында бүгүн “Бирге жашоону үйрөнөлү” аттуу даректүү кыска метраждуу тасманын презентациясы болду. Фильмде ден соолугуна байланыштуу мектеп-интернаттарда окуп калган жана кийин кадимки мектепке которулуп, үй бүлөсү менен бирге болгондогу баланын окуусундагы, жүрүм турумундагы жакшы жыйынтыктар чагылдырылган.

Ошто эки жугуштуу оорулар ооруканасы курулуп жатат. Алар Ош шаарында 100 орундуу жана Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылында курулуп жаткан 150 орундуу оорукана. Бул жерде заман талабына ылайык бардык шарттар каралган. Мындан сырткары курулуш иштерин тез арада бүтүрүү пландалып, август айынын аягында пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

Август айынын аягында жугуштуу оорулар бөлүмүнүн капиталдык ондоодон өткөн имарат Баткен аймактык ооруканасында пайда болот. Бүгүн ал курулуштун абалы менен президент Сооронбай Жээнбеков таанышты. Президенттин эки күндүк аймактарга болгон иш сапарынын алкагында Баткен облусундагы ооруканадан тышкары, жаңы салынып жаткан логистикалык борбор жана текстиль фабрикасына барды. Чек ара кызматчылары үчүн салынып жаткан батирге капсула салууга да үлгүргөн президент Сооронбай Жээнбековдун сапары Баткен облусу менен жыйынтыкталбайт.

Жаңыдан түзүлүп жаткан Кайгуул милициясы жарандарды ишке кабыл үчүн сынак жарыялады. Ага бардык каалоочулар катышса болот. Бул үчүн болгону алар бир нече тестирлөөдөн өтүүсү зарыл.