Ош шаарындагы милициянын кайгуул кызматына иштөөнү каалагандардын басымдуу бөлүгү мурда ички иштер органдарында иштебегендер экени белгилүү болду. Өткөн жылдын октябрь айынан баштап ички иштер органдарын реформалоонун алкагында Бишкек шаарында кайгуул милициясы түзүлүп өз ишин баштаган. Бул убакыт аралыгында кайгуул кызматы көптөгөн кылмыштарды изи сууй элек кезинде бетин ачууга жетишип, жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алган. Ошонун негизинде жакынкы айларда Ош шаарында милициянын кайгуул кызматы ишке киргени турат.
Санитардык-эпидемиологиядык талаптарды сактоо боюнча жарандарды окутуу иштерин күчөтүү зарыл. Бул тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Премьер-министр Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берди. Отурумда COVID-19 пандемиясынын кесепетинен жабыр тарткан чакан жана орто бизнеске финансылык жардам көрсөтүү маселеси дагы талкууланды.
Коррупцияга каршы атайын кызматтар гана эмес, жалпы журт күрөшүүсү керек. Жемкорлукка бөгөт коюу Президент Сооронбай Жээнбековдун артыкчылыктуу деп баалаган иштеринин бири.
Быйыл 156 миң 430 окуучу 1-класстын босогосун аттайт. Пандемия учурунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 2020-2021 жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим ала баштайт. Калган класстар үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дистанттык форматта билим берүү уюштурулат. Жаңы окуу жылына алдын ала кандай даярдыктар көрүлүүдө?
Премьер-министр Кубатбек Боронов атайын брифингде өкмөттүн ушул жылдагы иш-аракеттеринин планынын айрым багыттары жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, өткөн жумада мамлекеттик маанидеги 2 документ кабыл алынды. Алар — социалдык, экономикалык туруктуулукту жана калктын кирешелерин колдоо боюнча өкмөттүн иш-аракеттеринин планы, ошондой эле болушу мүмкүн делген COVID-19дун экинчи толкунуна даярдануу боюнча иш-чаралардын планы.
«Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, ар бир жаран биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттүү. Андыктан жашы 16дан жогору жеке маалыматтарын тапшыра элек жарандар үчүн борбор калаада биометрикалык маалыматтарды топтоо түйүндөрү мурдагы режимде иштеп баштады. Кайсы даректерге кайрылса болот?
Пандемия учурунда өлкөдө 11 диний окуу жай жана 12 мечит стационар катары колдонулду. Мындан сырткары дин кызматкерлери бир нече кайрымдуулук иштерин кылып, муктаждарга жардам беришкен. Бул тууралуу Муфтий Максат ажы Токтомушев Ошко болгон иш сапарында билдирди. Дин кызматкерлери атайын жыйын өткөрүп, анда санитардык талаптарды аткаруу, элге жардам берүү жана түшүндүрүү иштерин жургүзүү тууралуу да сөз болду.
Орусия менен Казакстанда жашаган кыргызстандыктар үчүн шайлоо маселелери жана жол-жоболоруна байланыштуу суроолорго жооп алуу иретинде ыкчам байланыш борбору иштей баштады. Анда чет өлкөдө жашап иштеп жүргөн кыргызстандыктар биометрикалык каттоо, консулдук эсепке алуу, шайлоочулардын тизмесине кирүү жана добуш берүү участкаларына катталуу сыяктуу суроолорго жооп ала алышат.
Кыргызстандын көз карандысыздыгын Түркия биринчи тааныган. Учурда Түркия жана башка жүздөгөн мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтык бекемделип келет. Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары башка өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүп, эл аралык аренада орду салмактуу.
Акыркы үч жылдан бери калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор өлкө аймактарын өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашууда. Муну менен катар элет жериндеги айыл чарбасын сугат суу менен камсыз кылуу колго алынып келе жатат. Суу көйгөйү чечилсе, бул өз кезегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жол ачары анык.
Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө баштады. Долбоорго ылайык жээгинин эки тарабына вело жол курулуп, жээктери бекемделип, тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Азыркы учурда дарыянын жээктерин бекемдөө иштери башталды. Жумуштар эки этап менен жүргүзүлөт.