Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ош шаарында текстиль фабрикасы курулууда

Президент Сооронбай Жээнбеков 2 күндүк иш сапары менен Ошто жүрөт. Мамлекет башчысы бүгүн алгач айыл чарба жана өнөржай ишканаларынан кабар алды.

Учурда Кыргызстанда COVID-19 дартынын алдын алуу, аны дарылоо жана реабилитациялоо үчүн медициналык адистер кайра даярдоодон өтүп жатат. Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Премьер-министр Кубатбек Боронов дарыгерлерди окутуу жана кайрадан даярдоо процессин улантуу маанилүүлүгүн белгиледи. Ак халатчандар жаңы 4-протоколдун негизинде тийиштүү курстардан өтүүдө.

Кыргызстанда комуз күнү. Бул майрам президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгынын негизинде белгиленип келет. Бул күнгө карата «Пирамида» каналынын кабарчылары комуз чапкан Сураган Айдыралиев жөнүндө материал тарткан

Бишкек күз-кыш мезгилине 100 пайыз даяр. Аткарылган иш-аракет быйылкы жылга бекитилген пландын алкагында жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө бардык эски жылуулук берүүчү каналдар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, толугу менен жаңылананып жатат.

Бишкек шаарындагы жаңы курулуп жаткан республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы сентябрь айынын аягында ишке берилери күтүлүүдө. Учурда чатыры жабылып, ички жасалгалоо иштери башталууда. Адистер Кыргызстанда акыркы 30 жылда мындай жугуштуу ооруларга ылайыкташкан оорукана салына электигин айтышууда. Ошондой эле жаңы бейтапкана 8 баллдык жер титирөөгө туруштук берип, кеминде 50 жыл кызмат кылаары айтылууда.

мамлекет башчысы түштүк борбордогу курулуш иштери аяктап, жакынкы арада колдонууга бериле турчу жугуштуу оорулар ооруканасынын кошумча корпусундагы акыркы иштер, жаңы курулуп жаткан мектеп корпустары, сот системасынын санариптиштирүү иштери менен таанышты.

Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирген 113 факты аныкталды. Мыйзамсыз схемалар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, бул боюнча материалдар Каржы полициясынын кароосуна жөнөтүлгөн. Аныкталган кылмыштуу фактылар мамлекеттик бюджетке 258 млн 544 миң сом зыян келтирген.