Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ошто ички жолдор оңдолууда

Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында жол көйгөйү чечилмей болду. Аймактын ички жолдору жана борбордук көчөсүнө асфальт төшөлүүдө. Ички жолдун эки чакырымы жаңыланса, борбордук көчөнүн бир чакырымы кеңейтилип, асфальтталууда. Каржылоо жергиликтүү жана республикалык бюджеттен жүрөт.

Аймактарда пандемиялык абалда да курулуш иштери токтогон жок. Жаңы окуу жылында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 200 орунга ылайыкташкан мектеп пайдаланууга берилди.

Прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген. Жалпысынан республика боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык ички иштер органдары тарабынан каралууда.

Ош облусунда тиричилик техникаларын чыгаруучу завод кеңейип, продукциясын чет жакка экспорттоону пландап жатат. Ал ишкана Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын учурунда түзүлгөн келишимдердин натыйжасында ачылган. Өлкө башчысы Ошко болгон иш сапарынын алкагында өнөр жай жана айыл чарба объектилеринде гана эмес, Кара-Суу районунда оорукананын курулушун жана Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүн реконструкциялоонун жүрүшүнөн кабар алды.

Кафе-ресторандарда учурдагы абал жакшырмайынча бир учурда 50дөн ашык адамды тосууга тыюу салынган. Ага кошумча, имараттарда колду тазалоочу санитайзерлерди орнотуу, кызматкерлерди жана кардарларды бардык дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу талабы коюлган. Санитардык талаптарды көзөмөлдөп туруу үчүн атайын мобилдик топ түзүлгөн. Бүгүн Бишкек шаары боюнча тойканаларда кезектеги рейддик иш-чара өттү. Анда буга чейин берилген эскертүүлөргө карабай, коюлган талаптарды аткарбай ишин улантып жаткан айрым кафе-ресторандарга катуу эскертүүлөр берилип, айып пулдар салынды.