Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Таштак жерди бакка айланткан багбан

Кубаттуу экономика ата мекендик өндүрүштөн түзүлөт. Бул үчүн мамлекет өзгөчө элет жериндеги ишкерлерге жеңилдик берип, каржы булактарын тартууда. Кезектеги сюжет 13 гектар таштак жерди бакка айланткан Ноокаттык багбан тууралуу болмокчу.

Жумгал районунда сугат суу маселеси чечилди. Аймактын эки айылында суу сактагыч жана каналдар курулду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги күз-кыш айларында жылда болуп келген сасык тумоонун татаалдашына жол бербөө жана киши өлүмүнүн алдын алуу максатында калк арасында 900 миңден ашык кишиге эмдөө жүргүзүүнү пландоодо. Бул жөнүндө ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору Абдыкадыр Жороев өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда билдирди.

Ысык-Көлдүк багбан Таалайбек Океновдун багында мөмө дарактарынын түрү көп. Анын өстүргөн жемиштерине Кыргызстан гана эмес, коңшу өлкөлөр дагы кызыкдар.

Нарындын Жумгал районунда 4 мектептин имараты жаңыланууда. Жакынкы күндөрү мектептер пайдаланууга берилсе, аймактын окуучулары салттуу билим ала башташат.

Кыргызстанда Пробация департаментинин иштеп жатканына бир жыл болду. Бул убакыт аралыгында департаменттин адистери миңдеген жарандарга жашоосун башка нукка буруп кетүүгө көмөктөшө алды. Сот тарабынан мыйзам бузган жарандын кылмышы оор эмес деп эсептелсе, ага карата жазанын гумандуу түрү колдонулат.

Премьер-министр Кубатбек Боронов эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусунда жүрөт. Өкмөт башчы Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорундагы социалдык объектилердин курулушу, ички жолдорду реконструкциялоо, ирригациялык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышууда. Ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүнө күбө болууда.

Өлкө аймагы боюнча биометрикалык маалыматтарды топтоо түйүндөрү мурдагы режимде жарандарга кызмат көрсөтүүдө. Андыктан жашы 16дан өткөн, жеке маалыматтарын тапшыра элек Кыргызстандын жарандары катталган ордуна, жашаган жерине карабастан, каалаган маалымат топтоо түйүнүндөрүнө барып тапшыра алат. Биометрикалык маалымат топтоо акысыз жүргүзүлөт.