Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Көзү азиз ишкер айым// Мээнет

Баткендиктердин негизги түйшүгү — чек араны коргоо. Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндөгү Майти тилкесиндеги чек арага жакын 57 гектар жерге мөмөлүү көчөттөр отургузулду. Жергиликтүү бийликтин колдоосу менен каралбай калган жерге суу да чыгарылды.

Токтогул районунда 250 гектар кайрак жерге суу жеткирилди. Буга райондогу «Атайын эсеп» мамлекеттик ишканасынан каражат бөлүнгөн.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп баратат. 25-сентябрга карата өлкөдө пневмонияны эске алганда коронавирус жуккан жаңы 175 учур катталды. Көбү Ошто. Илдетти жуктурган медиктер да көп каттала баштады. Буга байланыштуу саламаттык сакчылары санитардык талаптарды аткарууга чакырууда. Ал эми авиакаттамдардын жанданышы менен чет жактан келген жарандарды текшерүү алгоритмине дагы өзгөртүүлөр киргизилди.

Ош шаарында милициянын Кайгуул кызматынын кызматтык бош орундарына талапкерлерди кабыл алуу боюнча сынактын экинчи туру жүрүп жатат. 219 орунга биринчи турдун жыйынтыгы менен 129 талапкер кабыл алынган. Бүгүнкү күнгө карата калган 90 штаттык орунга 29 адам арыз жана билдирмелерин тапшырган. Анын 9 Ички иштер органдарынын кызматкерлери болсо, 20сы жөнөкөй катардагы жарандар. Документтерди кабыл алуу 17-октябрга чейин жүргүзүлөт.

Мамлекеттик ипотека компаниясында ипотека алуу үчүн 6 миңдей жаран кезекте турат. Жеңилдетилген түрдө ипотекалык насыялар бир нече коммерциялык банктар аркылуу берилип, 5 жылдын ичинде 5000ге чукул үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон.

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Орусиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык жактан кызматташтыгы артууда. Жакында өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында эки өлкөнүн энергетика, инвестициялык долбоорлору, ошондой эле билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда да алака өсүүдө. Бүгүнкү күндө Венгрия тарап Кыргызстандык студенттер үчүн гранттык окуунун квотасын көбөйтүп жатат. Ошондой эле Венгрия Кыргызстан үчүн көлөмү 65 млн АКШ долларына барабар насыя линиясын ачканы белгилүү.

Бүгүнкү күндө дүйнөнү Бириккен Улуттар Уюмусуз элестетүү мүмкүн эмес. Уюм социалдык-экономикалык, каржылык, маданий көйгөйлөрдү чечүүнүн өтө маанилүү куралы болуп калды. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуу жасап жатып билдирди. Өлкө башчысы өз сөзүндө дагы эмнелер тууралуу кеп козгоду?

Өлкөдө сот тармагын реформалоо багытында иштер уланууда. Анда кылмыштардын бирдиктүү реестри, сот залдарында видео жана аудио жаздыруу, “соттордогу автоматташтырылган маалыматтык система” программасы иштелип чыгып бүгүнкү күндө колдонулуп жатат. Мунун баары сот тармагына элдин ишенимин арттыруу, коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркууга, ачык-айкындуулукка багытталган.

Коррупцияга каршы күрөшүүдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы да натыйжалуу иш алып барууда. Акыркы эки жарым жылдын ичинде УКМКнын материалдарына негизделген коррупция боюнча 1017 кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын дана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Талас облусунун Кара-Буурадагы райондук ооруканасынын бүтпөй калган курулушу ашар жолу менен бүткөрүлдү. Ал жакында ачылат. 20 жылдан бери пайдаланылбай турган имаратты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги оңдоп-түзөөгө жарактуу деп таап, уруксат берген.