Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Садыр Жапаров: «Олуттуу кадрдык реформаларды жүргүзүү зарыл»

Алайда 118 кызматы 24 саат бою тынымы жок иштеп жатат. Мында 2 мобилдик топ бар. Кызматка кайрылгандардын басымдуу бөлүгү алыскы айылдардан түшөт. Ошондой эле күндүзгү стационар да иштеп жатат. Эки дарыгер кызыл аймакта калктын саламаттыгына кам көрүүдө. Адистер керектүү дары-дармектерден тарта, кычкылтек концентраторлорго чейин баары жетиштүү дешет.

Келерки жылдан баштап жүктү жана жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар менен юридикалык жактар жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууга тийиш. Ал эми 2022-жылдан тарта бардык айдоочулар автоунааларын камсыздандыруусу милдеттендирилет. Адистердин айтымында, минималдык жылдык камсыздандыруу төлөмү 1680 сомду түзөт. Унааларды камсыздандыруу эмне үчүн керек?

Быйыл кант кызылчасы былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге аз эгилди. Өткөн жылы шекердин баасы арзан болгондуктан, дыйкандар кант кызылчасынын себүү аянтын азайтууга аргасыз болушкан. Азыркы тапта базарларда кумшекер кымбаттаганын байкаса болот.

Кыргызстанда учурда статистика көрсөткөндөй коронавирус менен ооругандар күндөн күнгө көбөйүп жатат. Оору баш калаада, Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарында башка региондорго салыштырмалуу көп катталууда. Өлкөдө учурда дары-дармек жана койка-орундуктар жетиштүү болгону менен, керектелүүчү дарыларды дагы алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Учурда Кыргызстанда коррупциялык иштердин бети биринин артынан бири ачылып жатат. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан ушул жуманын ичинде өлкөнүн казынасына ири зыян келтирген 4 коррупциялык иш аныкталды. Бул иштерге тиешеси бар делген аткаминерлер мамлекеттик бюджетке түшүүчү миллиарддаган сомдорду кымырган.

Башка кабарлардан. “Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу” мамлекеттик мекемеси түзүлгөнүнө быйыл туура 25 жыл толду. Мамлекеттик ишкана чейрек кылымда Кыргызстандагы токой, жайыт жана аңчылык аянттарын сактоодо зор эмгектерди аткара алды. Бул чөйрөдө эмгектенген кызматкерлердин кесипттик майрамы бүгүн борбор калаада белгиленди.

Төө-Ашууга кар түшкөндөн улам, Ош-Бишкек стратегиялык жолунда тыгын пайда болууда. Буга байланыштуу атайын түзүлгөн комиссиялык топ жерине барып, абалды байкап, жумушчулар аткарып жаткан иштер менен таанышты.

Памирден жер которуп көчүп келип, Нарында убактылуу отурукташкан боордошторго деп Алайда башталаган турак жай курулуп бүттү. Нарындан 7 үй-бүлө көчүрүлүп келип үйлөрүнө жайгаша баштады. Эрте жазда 11 турак жай Алай районунун Талды-Суу айылында салына баштаган. Ар бир үйгө эки үй-бүлө жашайт. Ага 1,2 гектар жер бөлүнүп, атайын долбоор да иштелип чыккан.

Жогорку сот парламенттик кайра шайлоо боюнча БШКнын арызын артка кайтарды. Документте кеткен мүчүлүштүктөрдү оңдоп, түштөн кийин Боршайком кайрадан арызын Жогорку Сотко жөнөткөн. Ал эми эл өкүлдөрү парламент абал турукташканча иштеп берүүгө даяр экендигин айтышып, шайлоону жылдырууну туура көрүшөт.

Кыргызстанда эт, сүт, жүн жана балды иштетүүгө гранттык сунуштар даярдалып жатат. Бул жөнүндө “Рынокторго чыгууну камсыздоо” аттуу айыл чарба багытында жаңы инновациялык продуктуларды иштеп чыгуу боюнча тегерек столдо белгилүү болду. Жыйынга долбоордун жактоочулары, каржы кызматын көрсөткөн уюмдар, камсыздоо боюнча адистер катышты. Буга чейин долбоордун алкагында биринчи фазасы өтүп, ага сегиз банк катышкан.

Кинотеатрлардын ишин жандантууну кино тейлөө тармагынын кызматкерлери менен катар Маданият, маалымат жана туризм министрлиги каалайт. Буга ылайык, аталган министрлик өкмөткө кайрылуу жөнөткөн. Учурда сунуш өкмөттүн кароосунда. Бул тармакта эмгектенген миңге жакын кызматкердин жарым жылдан ашык убактан бери ишсиз калышы кандай кыйынчылыктарды жаратты?

Макроэкономиканы калыбына келтирүү, социалдык төлөмдөрдү өз убагында берүү, чек араларды күчөтүлгөн тартипте коргоо жана башка ушул сыяктуу маселелер Садыр Жапаровдун төрагалыгында өткөн өкмөтүн жаңы курамынын алгачкы жыйынында көтөрүлдү. Тиешелүү чечимдер кабыл алынган соң, мекемелердин жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.

Өлкөдө Элдик курултайды бийликти көзөмөлдөп турчу орган катары Баш мыйзамга бекитүү керек. Мындай сунуш бүгүн улуттук жыйында талкууланды. Иш-чарага облустардан келген делегаттар, аксакалдар кеңешинин жана коомдук кыймылдардын өкүлдөрү катышты.