Бейшемби, 18 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтү бир ай ичинде такталат

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн бир ай ичинде тактайт. Ал эми шайлоо ушул жылдын соңуна чейин болот. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Эске салсак, Боршайком саналуу күн мурда 4-октябрда өткөн шайлоонун добуш берүү жыйынтыгын жараксыз деп тапкан болчу. Мыйзамга ылайык парламенттик шайлоо кайрадан качан өткөрүлөт?

Ош шаарында саясий кырдаал стабилдүү деп бааланып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар иштеп жатат. Мындан сырткары коомдук тартип бузулган учурлар каттала элек. Ал эми бүгүн калаанын борбордук аянтында өлкөдөгү туруктуулукту сактоо боюнча тынчтык митинги болуп өттү.

Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курчуй баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал санитардык эрежелерди шаар тургундары сактабай, кайдыгер карап жатканын айтып, мурда эпидемиологиялык абалдын курчушу өлкөнүн түштүк аймагында катталып келсе, соңку убактарда борбор калаада көбөйүп жатканын баса белгиледи. Мындан улам, министр шаардыктарды зарыл болбосо, жарандар көп чогулган жайларга барбоону, социалдык аралыкты сактоого чакырды.

Борбор калаадагы башаламандыкты жөнгө салып, мародёрчулукка жол бербөө үчүн үч күндөн бери Элдик кошуун ыктыярдуу тобу мамлекеттик обьект, муниципалдык ишкана жана башка мекеме-имараттарды кайтарып жатышат. Алар милиция кызматкерлери менен биргеликте коомдук коопсуздукту камсыз кылышууда. Ыктыярдуу Элдик кошуундун башкы максаты шаарды талап-тоноодон коргоо.

Талашка түшкөн убактылуу өкмөт башчынын орду. Легитимдүү өкмөттүн курамынын жыйыны. Бүгүн Бишкекте мэрия жана өкмөт үйүнүн алдында нааразычылык акциялар уланды. «Бишкек суу канал» ишканасынын кызматкерлери иш таштады. Алар мекеменин жетекчиси кызматтан алынышына каршылык билдирүүдө. Ал арада Өкмөт үйүнүн алдындагы митинг дагы эле уланып жатат.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан соң, шаарда отургучтар талкаланып, калаанын борбордук бөлүгү таштандыга толуп калган. Тазалык иштерин жөнгө салуу үчүн «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери таңкы саат 5тен баштап ишке чыгып, түшкө чейин шаарды таштандылардан тазалап чыгышты. Ыктыярчы жана жөнөкөй жарандар дагы четте карап турган жок.