Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бишкектеги күзгү жармаңкеде ар кыл азык-түлүктөр сатылууда

Бишкекте 17-октябрдан баштап дем алыш күндөрү күзгү айыл чарба жармаңкеси өтүп баштады. Мында шаар тургундары арзан, эң башкысы экологиялык таза азык-түлүктөрдү сатып алса болот.

Суук түшөр замат дүкөндөрдө бал ширин курма пайда болот. Бул даамдуу гана эмес, абдан пайдалуу да мөмө. Ош облусун Араван районунда курма бышып, багбандар түшүмүн жыйнай баштады. Аймакта 147 гектар аянтка бул мөмө эгилген. Өндүрүлгөн курма ички базарларды сатылып, чет өлкөлөргө да экспорттолот.

Кыргызстанда акыркы күндөрү ковидди жугузгандар көбөйүп баратат. Муну санитардык эрежелер көз жаздымда калгандыктан өсүп жатат дешет адистер. Айта кетсек, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 52 миңден ашты. Кечээ инфекцияга кабылгандар арасында көз жумгандар катталбаганы менен илдет илештиргендердин саны азая элек. Ушундай эле абал коңшу мамлекеттерде жана Европада катаалдагандыктан бир катар чектөөлөр киргизилип жатат.

Башта бак-дарак атадан балага ата мурасы катары кабылданып келсе, биздин соңку жаңы тарыхыбызда анын арты менен киреше тапканлардын саны өсүүдө. Алсак Талас облусунун тургуну Данияр Султаналиев багбанчылыкты мыкты өздөштүргөн.

Борбор калаада COVID-19га чалдыккан жарандарды кабыл алуу үчүн, буга чейин жабылган кошумча орундуктар четинен ачыла баштады. Бүгүнкү күндө шаар боюнча 11 стационар бейтаптарды кабыл алууда. Ар бир жаран коронавирус менен ооругандарды дарылоочу медициналык мекемелердин дареги, байланыш телефондору, бош орундардын саны тууралуу маалыматтарды map.covid.kg сайтынан тааныша алат. Бардык стационарларда кычкылтек концентраттар, дары-дармектер жана жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү экенин министрликтен белгилешүүдө.

Бишкектеги “Ынтымак-2” паркында Кыргызстан боюнча эң чоң фонтан салынат. Бул жөнүндө бүгүн мэриядан билдиришти. Сейил бакта андан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн селкинчек, оюн жабдыктары менен камсыз болгон аянтча курулат. Мындай аянтча Кыргызстанда алгачкы жолу салынып жатат. Ошондой эле миң кишиге ылайыкталган амфитеатр болот.

Боршайком Жогорку Кеңештин депуттарын жана президенттик шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алынышын күтүп жатат. Сунушталган өзгөртүүлөр парламенттин комитетинин отурумунда жактырылып, бирок мыйзам долбоору палатада карала элек.