Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ошто дагы эки күндүзгү стационар даярдалууда

Буга чейин Ош шаарында ковид-19 оорусуна чалдыккандарды дарылоого 200 орундуу күнү-түнү иштөөчү стационар ачылган. Илдетке чалдыккандардын саны көбөйүп жаткандыктан дагы эки күндүзгү стационар даярдалууда. Ал эми Ош облусунун райондоруна блокпосттор орнотулуп, абал көзөмөлдөнүп жатат.

20-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд куб метрди түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,2 млрд куб сууга азыраак. Бул жөнүндө Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынан билдиришти. Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Ошондой эле Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы кышка даярдыктар көрүлгөнүн, жарыкты атайын өчүрүүлөр болбостугун кошумчалады.

Шайлоо мезгилиндеги түрдүү мүчүлүштүктөр, административдик ресурстун колдонулушу, добуштарды массалык түрдө сатып алуу жана башка ушул сыяктуу көйгөйлөрдү жокко чыгарууну көздөп жарандык коом демилге көтөрүп чыкты. Алар парламент депуттары менен бирдикте учурда Жогорку Кеңеште каралып жаткан шайлоо жол-жоболоруна өзгөртүүлордү киргизип жаткан мыйзамды чогуу талкуулашты.

Суу бар жерде жашоо бар. Элдин таза сууга болгон муктаждыктарын чечүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Көптөгөн жылдар бою убада болуп гана жашап келген таза суу көйгөйү Кара-Көл шаарынын чекесиндеги Чоң-Таш айылында быйыл иш жүзүндө башталды. Ушул жылдын соңуна чейин бардык иштерди бүткөрүү пландалган.

Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирусту жуктургандар көбөйүп, абал кооптуу бойдон калууда. Эпидемиологиялык абалдын начарлаганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев санитардык эрежелердин сакталбаганы менен байланыштырууда. Адистер илдеттин жайылышын токтотуу үчүн эл көп топтолгон жерлерден оолак болуп, беткап тагынуу, аралыкты сактоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилешет.