Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ошко 28 миллион сомдук медициналык каражаттар жеткирилди

Ош облусунда коронавирустун эпкини күчөп, абал курч бойдон калууда. Буга байланыштуу аймактын даярдыгын кубаттоо үчүн медициналык каражаттар жеткирилди. Анын ичинде коргонуучу каражаттардын, кычкылтек консентраторлорунун, дары-дармектердин камы бар.

Бишкектиктер сууктун келиши менен көмүрдүн баасы кымбаттап жатканын айтышууда. Борбор калаада 1 кап көмүр 200 сомдун, ал эми тоннасы 4300 сомдун тегерегинде сатылып жатканын көрүүгө болот. Кардарлар бул баа эл үчүн оңой акча эмес экенин коңгуроо кагууда. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан мониторинг жана анализ жүргүзүлүп, сатуучулар менен бааны жөнү жок көтөрбөө боюнча иштер аткарылып, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдиришти.

Өлкө аймагындагы көптөгөн шаарларда жана айылдарда таза суу берүү системалары өткөн кылымдын 60-70-жылдарында курулуп, учурда дээрлик бардык кичи шаарларда реконструкциялоого муктаждык жаралган. Буга кошумча, шаарлардын калкынын өскөнү да элге таза суу берүүдө ири көйгөйлөрдү жаратууда. Ушундай көйгөйлөрдүн бири Жалал-Абад облусундагы Токтогул шаарында чечилүү алдында турат.

Алгач конституцияга өзгөртүүлөр, андан кийин гана шайлоо. Күн мурун Боршайком жарыялаган парламенттик шайлоонун күнү 20-декабрда өтпөй калышы мүмкүн. Юристтер менен эксперттер Жогорку Кеӊештин жаңы чакырылышы өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн тез аранын ичинде тандалып, добуш берүүнүн датасын жылдыруу учурдагы абалды курчутушу ыктымал деген пикирде. Укуктук талаанын негизинде парламенттин жетинчи чакырылышына шайлоону качан өткөрүү керек?

Кыргызстанда октябрь айынан баштап коронавируска, анын ичинде пневмонияга кабылгандардын саны арбып барат. Күн сайын 500дөн ашык адамдан илдет аныкталууда. Республикалык штабдан маалымдалгандай, жаңы учурлардын көбү Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунда байкалып жатат. Өткөн айларда өлүмдүн саны да аз болгон. Ушу тапта кайрадан вирус жуктургандардын арасында күн сайын көз жумгандар катталууда.

Европанын бир катар өлкөлөрү коронавирустун экинчи толкунуна каршы чукул чара көрүп жатышат. Соңку бир аптада коронавирустун жаңы учурларынын 44% Европага туура келди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Майкл Райян мунун себебин инфекциялангандарды карантинге алуу ишинин чабалдыгы менен түшүндүрөт. Дүйнөлүк алкакта коронавируска 40 миллиондон көп киши чалдыкты, бир миллион 100 миңдей бейтап каза болду.

Парламенттик жана президенттик шайлоо келерки жазда өтүшү мүмкүн. Добуш берүүнүн күнүн жылдыруу боюнча өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары демилгелеп жатышат. Буга ылайык, конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштамалар 3 окуудан өтүшү керек. Андан соң гана, шайлоону өткөрүү күнү так белгиленет.

Ош шаарына караган Мээркан айылындагы жолго асфальт төшөлдү. Буга чейин 300гө жакын кожолук жашаган айыл тургундары жергиликтүү бийликке жол жана таза суу маселесин чечип берүү боюнча кайрылган болчу.

20-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Демилгечилердин бири, депутат Алтынбек Сулайманов сунуштаган мыйзам долбоору эми экинчи, анан үчүнчү окууда каралат. Парламенттин 7-чакырылышына депутатарды кайра шайлоодо шайлоонун күрөөсү 1 миллион сом, босого чек 3 пайызга төмөндөтүлөт жана форма эки аркылуу саясий өнөктүккө катышуу жолу татаалдаштырылат. Ал эми шайлоого аттана турган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан убактылуу гана четтетилбей, толугу менен кызматтан бошотулары айтылууда. Жогорку Кеңештин жыйынында дагы кандай орчундуу маселелер талкууланды?

Дүйнө жүзүн жыл башынан бери дүрбөлөңгө салган коронавирус илдети ар бир адамга ар кандай таасирин тийгизерин медиктер айтууда. Кимдир бирөөнүн башы ооруп, дене табы көтөрүлсө, айрымдарында тынымсыз жөтөл пайда болуп, кээ бирлеринин өнөкөт оорулары козголушу мүмкүн. Оорунун белгилерин байкасаңыз, дароо саламаттык сактоо мекемелерине кайрылуу зарыл. Анткени дарыгердин сунуштамасы жок өз алдынча дары-дармектерди колдонуу эч кандай майнапка алып келбейт. Тескерисинче, өзүн-өзү дарылоонун кесепети аянычтуу болуп калышы ыктымал. Дарыгерлерге кеч кайрылгандыктан, бир топ бейтаптардын өмүрүн сактаганга канча аракет көрүлбөсүн, кеч болгонун буга чейин катталган учурлар далил.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын кайрадан шайлоо 20-декабрга белгиленди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Мындай чечим 21-октябрда БШК мүчөлөрүнүн жыйынында кабыл алынган. Мындан эки жарым жума мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган болчу.

Мамлекеттин казынасына кол салгандар үчүн уурдалган акчаларды кайтарууга бир ай убакыт берилет. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүндөн тартып расмий түрдө өлкөдө экономикалык амнистия жарылаганын билдирди. Айрым серепчилер мындай жол менен мамлекеттик казынаны толтуруу аракетин туура деп эсептешсе, экинчилери бул пикирге кошулбайт.