Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Мамлекеттик казынаны толтуруу жолу

Жаратылыш газы болжол менен 10 пайызга кымбаттады. Мындан бир ай мурда жарандар бир куб көгүлтүр от үчүн 16 сом 73 тыйын төлөп келген болсо, учурда 17 сом 60 тыйын төлөйт. Элди көгүлтүр от менен камсыздыган компания газга болгон баа жазында эле көтөрүлөрүн, бирок өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды эске алып 3 ай наркын кармап келгенин айтат.

Ош шаарынын тургуну 19 жаштагы Мээрим Кадырбаеванын үй-бүлөсү коомчулуктан жардам сурайт. Москвадагы юридикалык колледжди алтын диплом менен аяктаган Мээрим боор оорусу менен жабыркап, операцияга муктаж. Бирок андай операция Индия өлкөсүндө жасалгандыктан каражат керектелип жатат.

Жогорку Кеңешке шайлоо Боршайком белгилеген күндөн жылдырылды. Буга чейин 20-декабрь деп жарыяланган шайлоо өнөктүгүнө катышууга 15 партия каттоодон өттү. Эске салсак, Президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору депутаттар тарабынан үч окууда тең кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу ага кечээ кол койду. А бирок, баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду өткөрүү керекпи же жокпу? Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо качан өтөт?

Өлкөдө сасык тумоого каршы вакцинациянын экинчи этабы жүрүп жатат. Биринчи жана экинчи этаптын жүрүшү менен 250 миң адам эмделди. Дагы 650 миң адам сасык тумоого каршы вакцинациядан өтүүсү күтүлүүдө. Ал эми коронавируска байланыштуу кырдаал дагы деле курч бойдон сакталууда. Айрыкча, өлкөнүн түштүк аймагында илдетти илешкендердин саны арбын. Саламаттык сактоо министрлиги оорулууларды дарылоо үчүн койка-орундуктар, дары-дармектер жетиштүү экенин билдирүүдө.

Эки жарым жума мурда болуп өткөн башаламандыктардын кесепетинен Ак үй учурда оңдоп-түзөөгө муктаж. Имараттын ичи-сыртын толугу менен калыбына келтирүү үчүн 450 млн сом чыгымдалары аныкталды. Мамлекеттин бюджетинде каражаттар күтүлбөгөн чыгашаларга жетишсиз болгондуктан эл өкүлү Марлен Маматалиев кесиптештерин иш бөлмөлөрүн өз эсебинен ремонттоого чакырды.

Шайлоо келерки жылы мартта өтөрүн Садыр Жапаров Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда дагы ырастады. Ал ошондой эле ишкердикти, инвестицияларды колдоо жана алардын укугун коргоо, экономикалык кылмыштарды ачыкка чыгаруу иштери күчөтүлөрүн белгиледи. Жыйында өкмөт башчы бюрократияны жана коррупцияны жокко чыгаруу үчүн мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмаларды берди. Кеңештин кезектеги жыйынында бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү багытында дагы кандай маселелер талкууланды?