Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму коронавирус дагы күчөй турганын эскертти

Бир катар мамлекеттерде коронавирус жуктургандар кескин көбөйгөн маалда Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму көптөгөн жарандар карантиндин айынан өзүн-өзү чектегенден тажап, «пандемиялык чарчоодо» жүргөнүн белгиледи. Адистер сактык чараларына кол шилтеп койбоого чакырды. Ошондой эле уюм алдыда коронавирус мындан дагы күчөй турганын эскертти.

Бүгүн борбор калаанын айрым районунда, анын ичинде шаардын чок ортосунда электр жарыгы бир нече жолу өчүп-күйгөнү бишкектиктерди дүрбөлөңгө салды. Электр кубаты болжол менен түшкү саат бирлер чамасында өчүп, шаардын бир топ бөлүгү 10 мүнөттөй электр жарыгысыз калды. Буга Бишкек ЖЭБиндеги 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголуп кеткени себеп болгон.

Пандемия учуру өлкөдөгү жеңил өнөр жайга, орто жана чакан бизнеске ошондой эле туризм тармактарына олуттуу зыян келтирип жатканы айдан ачык көрүнүп турат. Кээ бир ишканалар ишин токтотуп койгон болсо, тигүү тармагындагы өндүрүштүн көлөмү эки эсеге азайган. Ошол эле учурда жумуш орундары кескин кыскарып, жумушсуздуктун саны да өсүүдө. Учурда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жаралган көйгөйлөрдү кыска убакыттын ичинде жоюуга бир топ иш-аракеттерди көрүүдө.

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Эртең айрым облустардын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорго кар түшүп, өрөөндөрдө жаан карга айланат. Мындай туруксуз аба ырайына байланыштуу айдоочулар жолго унаа каражаттарын камдадыбы?

Жогорку Кеңештин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйынында бүгүн Премьер-министр Садыр Жапаров жана жаңыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү кызматына киришип жатып ант беришти. Депутаттардын алдында ант берген Садыр Жапаров болгон билим, тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүгө, абалды турукташтырууга жумшоого чакырды. Ошондой эле Конституциялык реформаларды бир адамдын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүүгө жардам берерин белгиледи. Айта кетсек, Өкмөттүн 22 мүчөсү бар: премьер-министр, үч вице-премьер, 12 министр, төрт мамлекеттик комитеттин башчысы жана министр рангындагы өкмөттүн аппарат жетекчиси. Баса, министрлер кабинетине Эльвира Сурабалдиева дагы кошулду. Эми ал социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр кызматын аркалайт. Анын талапкерлигин эл өкүлдөрү колдосо, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин жетектөөгө көрсөтүлгөн Аида Исмаилованын талапкерлиги жактырылган жок. Ага 30 гана депутат макулдугун берип, 35и каршы добуш беришти. Эске салсак, кечээ Улукбек Кочкоровдун кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынып, ал ээлеген ордунан бошотулган.

Коронавирус менен ооруган бейтаптардын айыгуу процесси узакка созулуп, айрымдары бул оорунун кесепеттери менен айлап алп урушууда. Өнөкөт дарттарды козгогондон тышкары вирус сакайган бейтаптын организминен толук чыкпайт. Андыктан оорудан кийин калыбына келүү бир топко созуларын адистер байкап, жалаң эле физиологиялык эмес, психологиялык да реабилитация зарыл экенин эскертип жатышат. Коронаврустан айыккан соң ден соолукка кантип туура кам көрүү зарыл?

Кыргыз Республикасынын эл акыны, прозаик, драматург, котормочу жана публицист Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына карата өзү жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет. Ошондой эле улуттук китепкада ага арналган илимий конференция жана китеп-сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чарага коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, акындын замандаштары, шакирттери, кесиптештери келип анын ар тараптуу чыгармачылыгы, адамдык сапаттары, кылган эмгектерин айтып эскеришти.

Эл үчүн маанилүү делген социалдык объекттер өлкөбүздүн бардык дубандарында курулууда. Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов алгачкы иш сапарын Араван районунан баштап, анын алкагында социалдык обьектилердин курулушу жана өндүрүш тармагындагы ишканалар менен таанышты.

Өлкө боюнча кафе, ресторан жана башка көңүл ачуу жайларын көзөмөлдөө күчөтүлөт. Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Мындан улам санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын тийиштүү органдар текшерүүнү улантып жатат. Пандемия башталгандан тарта тойканаларга жалпы 2 млн сомго айып пул салынды.

Учурда Билим берүү жана илим министрлиги экинчи чейректе 1-класстан 6-класска чейинки окуучуларды салттуу түрдө окутуу боюнча өкмөткө жана республикалык штабга сунуш берип жатат. Ал үчүн атайын алгоритмдер иштелип чыккан. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу маселеси бүгүн Өкмөттө каралды. Жыйында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тез арада аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды талдоо тапшырылды.

Кыргызстанда жаңы салынган жана капиталдык оңдоодон өткөн медициналык мекемелерди пайдаланууга берүү уланууда. Алсак, Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кошумча корпус катары салынган имарат ишке берилгени жатат.

Бишкек шаардык мэриясы тарабынан баш калааны көрктөндүрүү аракеттерине тоскоолдук жараткан жарандар бар. Алар кандай максатта архитектуралык скульптураны өрттөп, кооздук гана эмес, шаңдуу маанай таруулаган пианинону талкалап үлгүрүштү. Вандалдардын максаты эмне? Белгисиз. Ага карабай, калаа башчылыгынын муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери шаарды өнүктүрүү, көрктөндүрүү аракеттерин токтоткон жок.