Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

«Шамбала» кинотасмасы дароо эки сыйлыкты багындырды

БШК Президенттикке талапкерлердин документтерин кабыл ала баштады. Ат салыша тургандар 15-ноярбга чейин каалосун билдириши кажет. 7-декабрга чейин Боршайком өнөктүккө канча талапкер катышарын тактайт. Баса, бул сапар үгүт иштери кыска мөөнөттө жүргүзүлөт. Себеби, бул мөөнөтсүз өтүп жаткан президенттик шайлоо.

Үч жумадан бери актуалдуулугун жоготпой келген дагы бир маселе — парламенттик шайлоо. Буга чейин БШК кайра шайлоонун күнүн 20-декабрга белгилеген. Бирок бул дата жокко чыгарылып, добуш берүү келерки жылы өтөрү жарыяланды. Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин кабыл алган кайрадан шайлоону кийинкиге жылдыруу чечимин мыйзамга каршы деп даттануу ниетинде. Көз карандысыз юристтердин тобу да БШК менен тилектеш. Эксперттер бул мыйзам долбоорун кабыл алуу учурунда бир катар мыйзам бузуулар болгонун кулак кагышууда.

26-октябрь — Баткен коогалаңында курман болгондорду эскерүү күнү. Бул жолу каза болгон жоокерлердин мекен ынтымагын сактоого болгон эрдиктери айтылды.

25-октябрда мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленди. Он жыл Кыргызстандын Компартиясын, бир топ жыл министрлер кабинетин жетектеген лидердин убагында, өлкөнүн өнөр жай өндүрүшү жанданганын тарых барактары эске салат. Анын республика алдындагы опол тоодой эмгегин эскерүү, артында калтырган ишине татыктуу баа берүү максатында мындан төрт жыл мурда Кыргыз Республикасынын баатыры наамы ыйгарылган. Санаалаштары Раззаковду чынчыл, адилеттүү, эли, жери үчүн жаны күйүп иштеген инсан катары эскеришет.

Дүйнө жүзүн каптаган коронавирустун эпкининин экинчи толкуну күч алууда. Кайрадан илдетти жугузгандар арбыгандыктан айрым мамлекеттер авиакаттамдардын санын кыскартып чектөө киргизе баштады. Ушу тапта Кыргызстанга 33 өлкөнүн жарандарына кирүүгө уруксат берилген. Ал үчүн инфекциянын бар-жогун аныктаган ПЧР-тесттин жыйынтыгы болуусу шарт. Ал эми кээ бир өлкөлөр, анын ичинде Кытай мамлекети жарандар үчүн чек арасын ача элек. Серепчилердин баамында, быйыл жер шарындагы жүргүнчүлөрдүн агымы 66%га дейре азаюусу байкалат.

«Кызыл зонада» иштегендиги үчүн кенемте алууга саламаттык сактоо уюмдарынан атайын комиссиянын кароосуна 2 миңге жакын документ келип түшкөн. 26-октябрга карата төрт жүзгө жакын медкызматкерге 200 миң сомдон бир жолку кенемте төлөндү. Ал эми көз жумган ак халатчандардын үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон берилди. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун күч алуусуна жана курч дем вирустук оорулардын алдын алуу үчүн алгоритм иштеп чыгууда.