Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Обончу Түмөнбай Колдошов диктор, журналист кыялынан кайта элек

Ош облусунда жана шаарда шайлоо өткөрүү боюнча штабдын кеңейтилген кеңешмеси болуп өттү. Жыйынга вице-премьер-министр Максат Мамытканов, Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Ош облусу жана Ош шаары боюнча шайлоо өткөрүү штабынын мүчөлөрү, акимдер, мекеме-ишканалардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Кытай Кыргызстанга музыкалык аспаптарды белек катары тапшырды. Эми аспаптар өлкөдөгү 30дан ашык мектепке бөлүштүрүлмөкчү. Жардамды өткөрүп берүү иш-чарасында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь мындан ары да эки тараптуу маданий-гуманитардык алакалар алдыга жыларын белгиледи. Иш-чара өнөрлүү балдардын чакан концерти менен коштолду.

Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук соңку убактагы эң көйгөйлүү маселеге айланып барат. Үй-бүлөдө ур-токмокко, катуу мамилеге, зомбулукка кабылып жаткандардын 95 пайызын аялдар түзөт. Ушул жылдын 10 айында эле 7 жарым миңден ашык факты катталган. Буга байланыштуу ар кандай зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында 16 күндүк акция старт алып, анын алкагында ар кыл багыттагы иш-чаралар уюштурулууда.

Бишкек шаардык Тез жардам кызматынын борбордук станциясы күн сайын бир жарым миңден ашык чалууну кабыл алат. Тез жардамга барууга болгону 38 бригада күнү-түнү нөөмөттө турат. А бирок шаарды толук кандуу тейлөө үчүн дагы 80ге жакын бригада керектелет. Мындай маселе, бир четинен, көбүнесе жаштар тажрыйба топтош үчүн убактылуу ишке келгенинде, дешет адистер.

Конституциянын жаңы редакциясында жашоо минимуму болуп эсептелген 2 миң сомдун тегерегиндеги акча каражатын, өлкөдөгү минимум айлык акыга теңөө каралууда. Бул каражат бир аз болсо да көбүрөөк болуп, жарандарга жакшы жардам болот эле дешет адистер.

Баш мыйзамдагы өзгөрүүлөрдү кароодо шаштырган эч нерсе жок, кайсы бир датага чейин бүтүрүү шарт эмес. Бул туурасында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпон Койчуманова билдирди. Кеңешменин секцияларынын башчылары жана мүчөлөрү журналисттердин катышуусунда басма сөз жыйын өткөрүп, элди кызыктырган суроолорго жооп беришти. Анда курултай, орус тилинин расмий статусу, жарандардын укуктары жана башка маселелер көтөрүлдү.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы редакциясын жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Анда президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү, элдик курултай өткөрүү жана башка жаңылануулар камтылган. Референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен катар уюштуруу сунушталган. Конституцияны өзгөртүү жана Референдум өткөрүүгө элдин пикири кандай?

Акыркы убактарда үй-бүлөдө ар кандай чыр-чатактардын саны арбып, анын кесепетинен эне жана балдардын жабыр тарткан учурлары көп кездешип келет. Жашоо турмуштун айынан акча таап келүүгө балдарын айласыздан тууган-уругуна таштап, чет жакта миграцияда жүргөндөрдүн саны андан көп. Мунун айынан кароосуз калган балдар зомбулукка учурап, тагдыры талкаланган фактылар да жок эмес. Көйгөйдүн алдын алуу максатында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 16 күндүк “Зомбулуксуз жашоо” өнөктүгүн баштады.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму аркылуу Орусиядан 4 тонна гуманитардык жардам келди. Ал эми коңшу Казакстан Кыргызстандын медицина тармагына колдоо көрсөтүү максатында 2 млн беткап жана 400 ИВЛ аппарат тартуулады. Бул чаралардын бардыгы коронавируска каршы жалпы күрөшкө багытталган.

Ата мекендик көмүрдүн сапаты импорттолуп келген кара алтындан кыйла жогору. Мындан улам Бишкек жылуулук электр борбору жалпысынан 129 миң 691 абонентке жылуулук жеткирүүдө жергиликтүү көмүр компанияларына басым жасашууда. Учурда 240ка жакын социалдык объектке да Бишкек ЖЭБи тарабынан жылуулук жана ысык суу жеткирилип жатат. Анда күнү-түнү иштеп жаткан кызматкерлер быйыл кышында авария болбойт деп ишендиришет.

2021-жылы COVID-19 илдетине каршы күрөшүү үчүн 2 миллиард сомго жакын каражат каралууда. Анын 500 миллион сому кызыл зонада иштеген дарыгерлерге компенсация үчүн каралган. Бул жөнүндө кечээ премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди. Ошондой эле коронавирус менен ооруган бардык жарандар мамлекеттик бюджеттин эсебинен акысыз дарыланат.

Коронавирус илдети күчөп турган маалда ар кайсы диндин өкүлдөрү биригип, ооруну биргеликте жеңүү үчүн чоң салымдарын кошушкан. Бул жөнүндө “Ислам азыркы светтик мамлекетте” аттуу төртүнчү эл аралык конференциясында белгилүү болду. Конференцияда дин жаатындагы дүйнөдөгү акыркы окуялар жана актуалдуу маселелер талкууланды.

Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбооруна өлүм жазасын киргизүү сунушу четке кагылды. Анткени мындай тажрыйба эл аралык стандарттарга жатпайт. Андан сырткары, элдик курултайдын ролун так аныктоо зарыл. Бул жана башка пикирлер Улуттук илимдер академиясында өткөн Конституциялык кеңешменин кезектеги жалпы жыйынында талкууланды.