Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Дарыгер: Антибиотик коронавирустан айыктырбайт!

Илдеттен айыгып, үйүнө чыгарылгандардын арасында оорунун белгилери сакталып жаткандар бар. Мындай көрүнүш башка сасык тумоо сыяктуу сезондук ооруларда антибиотиктерди жөнү жөк пайдалануудан келип чыгууда дешет медицина адистери. Бул көйгөйдү жөнгө салуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги жаңы 4 багытта иш алып бара баштады.

Шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс колдонууга жол берилбейт. Мындай кепилдигин Ош облусунун тургундарына мамлекет башчынын милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров берди. Азыр ал өлкөнүн түштүгүндө иш сапары менен жүрөт. Ош облусу жана Ош шаарынын активи менен жолугушканда Жапаров 2021-жылдын башында өтө турчу президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун, анын алдында алгач бардык ыйгарым укуктарын тапшырып, өнөктүккө жалпы укуктарда катышарын айтты.

Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен бириктирүү сунушун берүүдө. Бул жөнүндө ал 2-ноябрда Баткен облусуна болгон иш сапарында билдирди. Ал арада чек ара жаатындагы эксперттер жана мурда иштеп кеткен ардагерлер Мамлекеттик чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук комитети бириксе, маалыматтарды ыкчам алмашуу ишке кирип, аткезчилик, коррупция өңдүү мыйзамсыз иштерге бөгөт коюларын айтышат.

Пандемия учурунда өлкөнүн курулуш тармагы да экономикалык кризиске кептелди. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, тармактын ички дүң продукциядагы көлөмү быйылкы жылга 3,3 пайызга төмөндөгөн. Ал эми «Doing Business» рейтингинде Кыргызстан 29-орундан 90-орунга түшкөн.

Коронавирстун экинчи толкуну башталгандан тарта ыктыярчылардын дагы тынымы жок. Борбор калаада көчмө мобилдик топ коронавирус менен ооругандарга жардам көрсөтүүнү улантып жатышат. Алар күнү-түнү чакырууларга чыгып, башкалардын өмүрү үчүн күрөшүүдө.

Жакынкы күндөрү коомчулуктун талкуусуна чыга турган Конституциялык реформанын долбоору Конституциялык кеңешмеде каралат. Ага жарандык коомдун өкүлдөрү, тажрыйбалуу юристтер, негизи эле Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун үстүндө иштөөгө кызыкдар тараптар чакырылат. Талкуу ачык өтөрү, сунуштар болсо кабыл алынары айтылууда. Ал эми коомчулук Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалап жатат?

Иш сапары менен жүргөн Садыр Жапаров андан ары Жалал-Абад облусуна барды. Анда эл менен жолугуп, коомчулуктагы орчундуу делген маселелер боюнча пикирин билдирди жана жергиликтүү тургундардын узаткан суроолоруна жооп берди.

Алай районунун Гүлчө айылында калктын аярлуу катмарына кирген 64 үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө. Ал үчүн Гүлчө айылынан жер бөлүнүп берилип, 16 үйдүн курулушу бүтөр алдында турат. Бул социалдык шаарчада жашай турган жарандар кандай талаптар менен тандалат?