Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз журналистикасына 96 жыл толду

Кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына 96 жыл. Өкмөттүн 1993-жылдагы токтому менен 7-ноябрь — Басма сөз жана маалымат күнү деп белгиленген. Аталган дата 1924-жылдын 7-ноябрында кыргыз тилинде «Эркин-Тоо» гезитинин туңгуч басылмасы чыкканынын урматына кабыл алынган.

Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп мындан үч жыл мурда жарыяланган. Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн алпурушкан мезгилдериндеги тарыхый этаптардан сабак алуу кийинки муундарга табылгыс кенч экенин тарыхчылар белгилешет.

Борбор калаадагы кафе-ресторандарга жана көңүл ачуучу жайларга текшерүү иштери жүрүп, бир нече санитардык бузуулар катталып айыптар салынды. Анда той берип, бильярд клубдарын иштетип жаткандар бар экени маалым болду. Акыркы учурда Бишкек шаарында коронавирус илдети көп катталууда, ошого карабастан жарандар жана айрым ишкерлер санитардык нормаларды жетиштүү деңгээлде сактабай келишет.

Өлкө аймагындагы эпидемиологиялык абал курч бойдон сакталууда. Коронавирус инфекциясы күч алып күнүгө 500гө чукул жаңы учур аныкталып жатат. Оорунун мындай нукта курчуп жаткандыгынын бирден бир себеби — элементардык санитардык эрежелердин сакталбай жаткандыгында дейт ак халатчандар. Ал эми адистер болсо коронавирстун экинчи толкунунун туу чокусу ноябрдын орто ченинде болот деп болжошууда.

Ак үйдүн имаратын курчап турган темир тосмо алынууда. Акыркы саясий окуялардан кийин Жогорку Кеңештин жыйындарында тосмону алуу тууралуу маселе бир нече ирет көтөрүлгөн. Бул жараян аяктагандан кийин Панфилов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылары айтылып жатат.

Күз-кыш мезгилине бардык мекемелер кызуу даярдык көрүп жаткан учуру. Калкты жаратылыш кырсыктарынан коргоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүргүзүп жатат. Анын алкагында Ош облусундагы дарыялардын жээктери бекемделип, авариялык абалдагы социалдык объектилердин ордуна жаңы имараттар курулууда.

Ата мекендик киночулар тарткан тасмалар дүйнөлүк кино индустрияга сүңгүп кирди. Учурда Кыргызстанда анимациялык тасмалар жарык көрүп, эл аралык сынактарга жолдомо алып жаткан чагы. Жакында эле режиссер Данияр Абдыкеримдин “Кантип кичинекей бала шаарын сактап калды?” аттуу кыска метраждуу тасмасы эл аралык фестивалда сыйлыкка татыды.

Учурдагы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, парламенттин административдик имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо, күз-кыш айларына болгон даярдык маселелери Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынынын негизги темалары болду. Эл өкүлдөрү эмдөө, ЖЭБ, көмүр, коронавируска каршы күрөш жана башка орчундуу суроолорду көтөрүштү.

Акыркы бир айдын ичинде эле кумшекер, өсүмдүк майы, ун сыяктуу күнүмдүк керектелчү азыктардын баасы кескин жогорулады. Бул убакта эт 11%га кымбаттаса, жыл башынан бери уйдун этинин наркы 21%га көтөрүлгөн.

Борбор калаадагы тойканалар, кафе-ресторандар жана көңүл ачуучу жайлардын иши жарым айга убактылуу токтотулушу мүмкүн. Саламаттык сактоо министрлиги буга Бишкекте аягы үзүлбөгөн той-топурлар менен элдин массалык топтолушу, санитардык нормалардын сакталбай жатканына байланыштырууда. Ал арада тамактануучу жайлардын ээлери аларды жабуу сунушуна каршы.

Кыргызстанда конституциялык реформа көптөгөн ача пикирлерди жаратып, кызуу талкууларга жем таштады. Коомчулукта парламент — саны бар сапаты жок экендигин көрсөтүп, партиялык система өзүн актабагандыгы айтылууда. Мындан улам эл менен байланышы алыстап, ажырым пайда болду дешет серепчилер. Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, өлкө кандай багытка ыктайт?