Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна барат

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров эртең, 9-ноябрда Нарын облусуна барат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров облустагы социалдык объектилерди, Жогорку Нарын ГЭС каскадын көрөт.

Ошондой эле Нарын шаарындагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган турак жайдын ачылыш салтанатына катышат.

Муну менен катар Нарын облусунун эли менен жолугушат.

Андан тышкары Садыр Жапаровдун Кочкор айылына баруусу күтүлүүдө.