Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бал тилдүү балдардын жооптору

Кыштын камын жайда көр демекчи, аба ырайы сууктап баштаган сайын автосүйүүчүлөр темир тулпарларын дагы кышка даярдашы абзел. Бул, биринчи кезекте, коопсуздук үчүн керектелет. Ош облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы автоунаалардын кышка даярдыгын текшерүүдө. Бир айлык иш мерчемдин алкагында алыска каттаган көлүктөрдүн кышкы дөңгөлөктөрү текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстанда люстрациялык комитет түзүү демилгеленүүдө. Аталган комитет өлкө үчүн кызмат кыла турган мамлекеттик кадрларды иргейт. Ошол эле маалда люстрация мыйзамынан өткөрүлөт делген аткаминерлердин жаш өзгөчөлүгүнө эмес, кесипкөйлүгүнө жана тажрыйбасына маани берилиши кажет дешет саясат таануучулар.

Жакында өлкөдө болуп өткөн окуяларда жаштардын ролу чоң. Буга чейин бийлик менен жаштардын ортосунда, элдин ортосунда кандайдыр бир тосмо болуп келген, эми бул маселени өзгөртүп, бардыгына ачык болуу – учурдун талабы. Мындай билдирүүнү вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева 10-ноябрда өткөн жаштардын форумунда билдирди. Ошондой эле коронавирус пандемиясы, коррупция жана башка социалдык маселелерди чечүүдө жана алар менен күрөшүүдө жаштардын салымы эбегейсиз.

Илим күнү Кыргызстанда 2002-жылдан бери илимий чөйрөнүн баркын көтөрүп, коомчулукка таанытуу максатында жыл сайын 10-ноябрда белгиленип келет. Бул ирет өлкөдөгү кырдаал эске алынып, кесиптик майрамга арналган иш-чаралар уюштурулган жок. Мындай учурда да окумуштуулар менен илимпоздордун талыкпаган эмгеги бийик экени айдан ачык көрүнүп турат. Алардын эмгегин бир эле учурда эмес башка убакта да бааласа болот.

Македонияда өткөн математикалык олимпиадада Кыргызстандык окуучулар үч медалга ээ болушту. Олимпиадага жалпысынан 15 мамлекеттен 200 адам катышкан. Сыйлыкка татыган үч окуучу тең 2019-2020-жылдардагы альтернативдүү олимпиаданын жеңүүчүлөрү, август айында Кыргыз курама командасы үчүн уюштурулган жайкы машыгууда окуудан өтүшкөн.

Бүгүнкү күндө коомдо пандемиянын экинчи толкунуна кандай даярдыктар көрүлүүдө, дары-дармектердин запасы, республикалык штаб эмне менен алек жана башка ушул сыяктуу көптөгөн суроолор пайда болууда. Коронавируска каршы каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб аткарып жаткан иштерин ачык көрсөтүүгө даяр экенин вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева шаардык мэрияда өткөн жыйында билдирди. Кезектеги жыйында эпидемиологиялык абал жана бир катар көйгөйлөр талкууланды.

Алай районунда илдеттин экинчи толкуна карата 60 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы жакынкы күндөрү иштей баштайт. Буга чейин мектеп тибиндеги эски имаратты ооруканага берүү боюнча атайын токтом чыгып, кайрадан оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн 15 млн каражат да бөлүнгөн. Учурда акыркы жумуштары аткарылып жатат. Куруучулар оорукананы жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү аракеттерин көрүүдө.

8 дүкөн, эки кабаттуу тигүүчү цех жана кампалар. Жалпы эки миң чарчы метрге чукул жер баш калаадагы «Орто-Сай» базарында чыккан тилсиз жоодон күйгөн. Пандемиядан кийинки кризистен эми-эми өзүнө келе баштаган соодагерлердин өрт кырсыгынан тарткан запкасы он миңдеген долларды чамалайт. Дүйшөмбүгө караган түнү «Орто-Сай» базарында чыккан өрт эртең менен саат 8:55те толугу менен өчүрүлдү. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар менен каза болгондор жок.

Кыргызстанда коомчулук тарабынан мамлекеттик башкаруу системасын тазалануудан өткөрүп, эски саясатчылардан арылтуу демилгенип жатат. Люстрация мыйзамынын долбооруна он миң кол топтолуп, Жогорку Кеңешке жиберилген. Мындай мыйзам кабыл алынып калса, айрым аткаминерлерди саясий жана жогорку кызматтарга дайындоодо чектөө киргизилет. Өлкөдө бир нече жылдан бери демилгеленип, бирок ишке ашпай келген люстрация мыйзамы эмнени көздөйт?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, азырынча COVID-19 инфекциясына каршы сыноодон өткөн так дарылануу курсу жок. Бирок бейтаптарга симптомдорду жеңилдетүүчү дары-дармектер берилет. Мисалы дене табын түшүрүүчү, ооруну басаңдатуучу дарылар сунушталышы мүмкүн. Дүйнө жүзүндө ковид-19га каршы кандай вакцианалар даярдалып жатат жана алар кандай натыйжа берүүдө?

Медиа сектор коомчулукта пайда болгон «Кастык тилди» жок кылууга кызыктар. Себеби, медиа эксперттер анын кесепетинен көптөгөн көйгөйлөр пайда болуп, өлкөнү стабилдүүлүк жолго салууда тоскоолдук жаратат дешет. Буга ылайык, жакынкы арада баш калаада «Кастык тилинин Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоодогу таасири» боюнча жыйын өттү.

Инвесторлор үчүн ачык болуу керек, эгер эки тараптын тең кызыкчылыгы сакталса аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү абзел. Инвесторлор менен иштөөдө бюрократиялык тоскоолдуктарга, пара алууга жол берилбейт. Мындай билдирүүсүн президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө айтты. Ал ошондой эле 100 миң сомго чейин кредит алган жарандардын үч айлык пайызы үчүн мамлекет 1 млрд 200 млн сомдун тегерегинде жардам көрсөтөрүн убада кылды.