Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ШКУ Саммитинде Садыр Жапаровдун демилгелери колдоо тапты

Пандемия, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү жана Кыргызстандын ШКУга мүчөлүгүнүн келечеги жөнүндө. Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинде сөз сүйлөдү. Жыйын 10-ноябрда видеоконференция форматында өттү. Өз сөзүндө Президенттин милдетин аткаруучу биздин республикабыз бардык эл аралык милдеттенмелерин жана буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди аткарарын белгиледи. Быйыл Саммит Россиянын төрагалыгында өттү. ШКУга Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчөлүк кылат. Ал эми Афганистан, Беларусь, Иран, Монголия мамлекеттери байкоочу катары жүрүшөт. Кезектеги жыйындын күн тартибинде саясат, экономика, коопсуздук жаатында өз ара кызматташууну мындан ары бекемдөө жана тереңдетүү, анын ичинде биринчи кезектеги көйгөй болгон жаңы коронавирус инфекциясынын глобалдык саясий жана социалдык-экономикалык кесепеттеринин шартында ШКУ алкагында мындан ары өз ара кызматташуу маселелери каралды. Отурумдун жүрүшүндө 16 корутунду документ, атап айтканда, Саммиттин 9 чечими жана 6 билдирүүсү кабыл алынды. Ошондой эле жыйындын жыйынтыгы боюнча Москва декларациясына кол коюлду.