Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

15-декабрда президенттик шайлоонун үгүт иштери башталат

Кыргызстанда 10-январга дайындалган президенттик шайлоонун үгүт иштери 15-декабрда башталат. БШКдан билдиришкендей, 3-декабрга чейин талапкерлер 30 миң кол топтошу керек, ал эми 1 млн сом шайлоо күрөөсүн жана башка документтерди тапшыруу 6-декабрда соңуна чыгат. Учурда малекет башчылыкты эңсегендердин саны 63кө жетти. Бирок булардын баары саясий өнөктүккө катышат деп айтууга эрте. Жогорудагыдай Боршайкомдун талаптарына жооп бербегендер ат салышуудан четтетилет.