Быйыл электр жарыгы өчүрүлбөйт. Муну энергетикалык компаниялар убадалап жатышат. Бүгүн өлкөнүн энергетика компанияларынын жетекчилери кыш мезгилине толук даярдыктары жөнүндө маалымат беришти. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаевдин айтымында, 21-сентябрдан бери Казакстандын электр энергиясы келишимдердин негизинде пайдаланылып жатат.
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнө иш сапары менен барды. Иш-чарада ирригациялык жана Таза-Суу долбоорлору менен таанышты. Учурда аймакта 380 гектар жерге сугат суу жана 1200 калкы бар айылга таза-суу тартуу жумуштары аткарылып жатат.
Кыргызстанда ишкерлик кылууну каалаган айымдардын саны жыл сайын өсүп жатат. Алар сүйүктүү ишин жасап гана пайда таппастан, башкаларды жумуш менен камсыз кылганга да жетишип жатат. Ошол эле учурда өлкөнүн атын чет мамлекеттерге таанытууга салымын кошууда.
20-ноябрга карата өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 4 медкызматкер чыгарылган. Күндөн күнгө коронавирус инфекциясына кабылган медиктердин саны өсүп барат. Алар көбүнесе ооруну кызыл аймакта иштеп жүрүп жуктуруп алышат. Дал ушул кызыл зонада иштегендиги үчүн ак халатчандарга компенсация төлөнүп берилүүдө. Кенемтени кайсы категориядагы медициналык кызматкерлер жана канча суммада алышууда?
81 жылдык тарыхы бар Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 500 орунга ылайыкташтырылган жаңы конференц холл ачылды. Эми заманбап талаптарга жооп берген ири жана кичи залдарда 7 миңден ашуун болочок дарыгерлер билим алганга, маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлдү.
Элдик Курултайдын Баш мыйзамга киргизилишин жалпы калктын 51 пайызы колдойт. Мындай пикирлер бүгүн Улуттук илимдер академиясында өткөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйынында айтылды. Жаңы Конституциянын долбооруна карата бул сыяктуу пикирлер, сунуштар эми кеңешменин алкагында түзулгөн секцияларда талданат. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдиргендей, кеңешме ишин жыйынтыктоо үчүн 15 күндүк убакыт жетет. Кеңешменин курамына кадыр-барктуу, билимдүү, жогорку квалификациялуу адистер, жарандык коомдун өкүлдөрү, депутаттар, серепчилер жана башкалар кирген. Жаңы түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы отурумунда кандай маселелер талкууланды.
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кара-Кулжа районундагы тоолуу Алайку өрөнүнө иш сапары менен барды. Иш-чаранын алкагында социалдык объектилердин курулушу, өндүрүш ишканалары менен таанышты. Мындан сырткары элеттиктер менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту.
Баш калаага темир жол аркылуу Өзбекстандан кезектеги гуманитардык жардам келди. Анда 40 вагон менен 200 орундуу көчмө оорукана жеткирилди. Бул Бишкекте коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн кошумча оорукана болмокчу. Эске салсак, буга чейин Баткен облусуна да ушундай мобилдик оорукана жана учак менен медициналык жабдыктар, дары-дармектер келген болчу.
Шайлоонун натыйжасына эч кандай шек жаралбашы керек! Республикалык штабдын негизги милдети – таза жана ачык-айкын шайлоону өткөрүү, деп билдирди вице-премьер-министр Максат Мамытканов. Кезексиз шайлоону уюштуруу боюнча штабдын төрагасы да болгон Мамытканов бүгүн брифингде каржылоо булактары, хакердик чабуулдардан коргонуу, форма 2 жана материалдык-техникалык жабдууларды жаңыртуу жөнүндө айтып берди.
«Манас» жана Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиевдин «Байыркы көчмөн кыргыз цивилизациясы» аттуу китеби Германиядагы “ЛАМБЕРД” дүйнөлүк басмаканадан орус тилине которулду. 19-ноябрда ал китептин бет ачары болду. Китепте автор, кыргыз илиминде изилдене элек жагдайларын, кыргыз тилинин керемет байлыктарын чагылдырган.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 90 депутат шайланып келиши ыктымал. Анткени жаңы Конституциянын долбоорунда 5 жылга шайлануучу депутаттардын саны 30га азайтылган. Коомчулукта саны бар, сапаты жок эл өкүлдөрү деп байма-бай терс пикирлер айтылып келгени белгилүү. Жылына миллиондогон каражаттар эл өкүлдөрүнө коротулгандыктан, мандаттардын кыскартылышы мамлекеттик казынаны үнөмдөгөнгө шарт түзөт деп кошо колдоп кубаттагандар четтен табылат. Баш мыйзамдын долбоорунда парламент кандай укуктарынан кол жууй тургандыгы көрсөтүлгөн?