Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

#ДүйнөлүкЖаңылыктар

Ош облусунун экономикасын жана өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө багытталган 10 долбоор иштелип чыкты. Бүгүн Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аталаган долбоорлордун бет ачарын жасады. Аймак өндүрүштүн кайсыл түрлөрүнө басым жасоону пландоодо?

5-6-октябрдагы окуялардан соң токтоп турган Жалал-Абддагы «KAZ Minerals Bozymchak» ишканасы өз ишин жандандырды. Ал эми «Эти-Бакир-Терек-Сай» ишканасында алтын өндүрүүчү жай жана калдык сактоочу жайдын курулуш иштери жүрүп жатат. Облуста иш сапары менен болгон Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков кендин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеке жоопкерчиликти жүктөп, маалыматтык-түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. Ал экономикалык кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү жана ишкана менен жергиликтүү калктын өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде жергиликтүү өндүрүштөгү товарларды алуу боюнча макулдашууга жетишилгенин кошумчалады.

Мамлекеттин эң башкы милдети — жарандарга кызмат көрсөтүү жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү». Бул тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» аттуу конференцияда билдирди. Конференцияга мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык сектор менен бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Президенттин милдетин аткаруучу санарип технологиялар киргизилмейинче, мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү түйшүктөрдөн арылбастыгын кошумчалап, жетекчилерди чечкиндүү түрдө өздөрүнө жоопкерчиликти алууга чакырды.

Бишкекте жекшемби күнү Кыргызстандын өнүгүгүүсүнө өз салымын кошуп келе жаткан ар кыл кесиптин мыктыларын сыйлоо аземи өттү. Жалпысынан 150 дөн ашуун ар кайсы тармактын өкүлдөрүнө ардак грамота, төш белги жана дипломдор тапшырылды. Иш-чара Эл аралык «Наасатчы» коомдук фондунун аялдар комитети тарабынан уюштурулду.

Кыргызстан тарыхый татаал тандоонун алдында турат. 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттин башкаруу формасын аныктаган референдум өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы эки саясий өнөктүккө жалпысынан дээрлик 729 млн сом жумшайт. Учурда 2475 шайлоо тилкелеси даярдалып анын 45и чет мамлекеттерде ачылды. Президенттик тактыга 18 талапкер ат салышып, үч аптадан бери үгүт кампаниясы жүрүп жатат. Референдумга болсо президенттик же парламенттик башкарууну тандоо ыктыяры коюлууда. Мамлекеттеги башкаруу системасын реформалоо канчалык маанилүү? Коомчулукта Президенттик башкаруунун колдоо таап жатканына эмне себеп болууда?

Кыргызстнда жыл сайын 26-декабрь күнү Ооган согушунда курман болгон жоокерлер эскерилет. Бул сапар да Ооган согушунун ардагерлери борбор калаадагы Ата-Түрк сейил багына чогулуп, согуш талаасынан кайтпай калган куралдаштарынын элесине таазим этип, курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюлду.

Эльвирадан уйго керектуу буюмдарды буйрутма менен алуу учун: 0707 602 604 (ватсап).