Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Президенттик менен парламенттик башкаруунун айырмачылыктары

Бишкек шаарындагы “Малыш” медициналык борборунун эшиги балдарыңыздын ден соолугу боюнча кеп-кеңеш берүүгө ар дайым ачык. Ал үчүн өз ишинин кесипкөй, мыкты адистери талыкпастан эмгектенип келет. 18 жылдан бери медицина тармагында орду бар борбор балдардын ден соолугуна коопсуз болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

Саламаттык сактоо министрлигинин автопаркы 49 жаңы тез жардам унаасы менен толукталды. Анын 12си реанимобил. Автоунаалар Бишкек, Ош шаарларына жана өлкөнүн жети облусундагы медициналык мекемелерге бөлүнүп берилди. Бүгүн борбор калаанын эски аянтында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналив тез жардам бөлүмдөрүнүн айдоочуларына унаалардын ачкычын тапшырды.

Өлкөнүн стабилдүүлүгүнө доо кетире турган кызыкдар тараптардын куралы болуп калбоо керек. Бул тууралуу коомдук ишмер жана талдоочулар билдирүү жасап элди ынтымака чакырууда. Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев учурда кээ бир президенттикке талапкерлер үгүт иштери менен алек болуунун ордуна, Кыргызстанда туруксуздукту пайда кылуу аракетинин үстүндө иштеп жатканын айтып чыккан. Ал ошондой эле УКМК мыйзам бузууларды алдын алуу аракетин көрөт деп билдирген. Серепчилер эң оболу коом алдыда өтө турчу шайлоо жана референдумдун таза, ачык-айкын жана тынч өтүүсү маанилүү экенин белгилешет.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгында мыкты деп табылган өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 70 студентине президенттик стипендия тапшырды. Иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен сүйлөп жатып, Талант Мамытов 2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен келип чыккан кризис билим берүү тутумуна жаңы инновацияларды киргизүүгө түрткү болгонун белгиледи. Ал стипендиянттарга жаркын келечек каалап, Кыргызстанды өнүктүрүп, даңктаган адамдар чыгат деген ишенимин билдирди.

Жергиликтүу бийлик жана санэпид көзөмөл борборунун уруксаты менен өлкөнүн көпчүлүк аймактарындагы мектептер салтуу түрдө оууга өтүштү. Мындай маалыматты билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында азыркы тапта республика боюнча 2 миңге чукул мектеп жана 39 бала-бакча кадимки тартипте иш алып барууда.

Ош ветеринардык лабораториясы 85 жылдан бери азык-түлүк коопсуздугун сактоого өз салымын кошуп келет. Бул жылдар аралыгында ар кандай кыйынчылыктарды баштан өткөргөн мекеме азыркы кундө заманбап лабораториялардын катарын толуктайт. Мекеменин аткарган иштери тууралуу кенениреек кийинки сюжетте.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мамлекеттик органдардан таза жана ачык-айкын шайлоо процессин камсыз кылууну талап кылды. Бүгүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президенттик шайлоо өткөрүү учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси каралды. Мамытов азыркы учурдагы негизги милдеттердин бири — президенттик шайлоону жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду өткөрүү экендигине токтолуп, президенттикке талапкерлердин баарына бирдей талаптарды коюу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Бишкекте айрым мончо жана жер үйлөр чүпөрөктөрдүн калдыктары, унаанын эски дөңгөлөктөрү жана желим таштандылар менен жылытылат.Бул абанын булганышына бир топ таасирин тийгизет деп- экологдор байма-бай айтып келишет.Мындай жагдайды эске алган калаа мэриясы, жаңы конуштардагы турак-үйлөрдү, отун менен жылытуучу мончо, сауна сыяктуу жайларды текшерүүнү күчөттү. Бүгүн шаардын Октябрь району боюнча кезектеги рейддик иш-чара өттү.

500 доллардан 3 миң долларга чейинки акча каражаты Кыргыз-кытай чек арасынан өткөн ар бир автоунаадан алынып турган. Мындай схеманы бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов башка кызматкерлердин жардамы менен ишке ашырып келгенин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында кабарлады. Башкы чекист бул ишке жардам берген кишилерден 53 миллион сом өндүрүлгөнүн ал эми Матраимов убада кылган 2 миллиард сомду толугу менен төлөп бүткөнүн маалымдады.

Коомчулук алдыда өлкөнүн келечеги үчүн ким жоопту? Кыргызстандын 30 жылдык эгемендүү тарыхында мамлекетти жетектегендердин кимиси аткарган иштери үчүн эл алдында жооп берди. Тарыхчылар жана саясий талдоочулар президенттик башкаруу менен — өлкөнүн тагдырын бир адам чечип, каалаганын кылат деген коркунуч болбошу керек экенин айтып, тескерисинче президентке өтө чоң жоопкерчилик, оор жүк мойнуна артылаарын эскертишет.

29-декабрга чейин кыргызстандыктар шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн тактай алат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, учурда Президенттик шайлоо жана референдумга карата түзүлгөн тизмелерди тактоо иши кызуу жүрүп жатат. Шайлоочулар катталган дареги боюнча гана добуш бере алгандыктан, паспорттогу дареги менен катталган дарегин тактоо ишине активдүү катышуусу маанилүү.