Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бишкектин мектептери 18-январдан тарта окуучуларга каалгасын ачты

Кийинки жумада баш калаанын 97 мектебинде 56миң окуучу салттуу түрдө окуй баштайт. Бишкек мэриясы мектептер менен бала- бакчалардын балдарды кабыл алууга жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого даярдыгын текшерүүдө.

Ар бир эгемендүү өлкөнүн өзүнө таандык мамлекеттик атрибуттары — герби, гимни жана туусу бар. Маанилүү мамлекеттик деңгээлдеги ар кандай иш-чаралар, жыйындар, салтанаттуу кечелер ар дайым ушул атрибуттардын коштоосунда, өткөрүлүп келет. Бүгүн Мамлекеттик гербдин кабыл алынганы 27 жыл болду. Авторлору — Асейин Абдраев жана Садырбек Дубанаев. Герб кандайча түзүлгөн жана кабыл алынган?

Бишкекте 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын курсанттарынын элеси эскерилди. Бул ардагерлер 1941-жылы Людина Гора, Волоколамск жана Москвага жакын шаарларды душмандардан коргоп, салгылашышкан. Учурда жоокерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу максатында эл аралык демилгелүү топ түзүлгөн. Алар бригаданын согуштук жолун калыбына келтирип, эстелик такталарына жоокерлердин ысымдарын киргизип, алардын жакындарын издеп жатат.

Ошто 100 орундуу жаңы бала бакча ачылды. Анда Ак-Тилек кичи шаарчасынын наристелери тарбияланат. Түштүк борбордо бакча менен камсыз болуу 45 пайызды гана түзөт. Калаадагы бакча тартыштыгын чечүү максатында жергиликтүү бюджеттен жылына үч имараттын курулушу жрүрүп жатат.