Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жеңил өнөр жай товарларынын 5 түрүн маркалоо милдеттүү түрдө киргизилди. Алар кайсылар?

Россия Федерациясында жеңил өнөр жай товарларынын 5 түрүнө милдеттүү түрдө маркировкалоо киргизилди. Жаңы эрежелер ушул жылдын 1-январынан тарта иштей баштады. Мындай ченем товарларын Орусияга импорттоочу кыргызстандык ишкерлерге дагы тиешелүү. Бул жеңил өнөр жай продукцияларынын экспорт же импорт болушуна кандай таасирин тийгизет? Биздин чыгармачыл топ билип көрдү.

Ош шаарында муниципалдык ипотекалык компания өз ишин жигердүү улантып жатат. Программанын алкагында дагы бир ипотекалык үйдүн курлушу башталды. 9 кабаттуу турак жай эсеп боюнча үчүнчү курулуш. Муниципалдык ипотекалык компаниянын максаты — турак жайга муктаж жарандарды батир менен камсыз кылуу.

Ордо калаадагы маршруттук таксилерде жол киренин баасы күндүзү 15, ал эми кечкисин 20 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Калаа мериясы жол киренин баасына өзгөртүү киргизүү маселесин карап жатат. Шаар тургандарынын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен ички каттамдагы жол акынын баасы 2012-жылдан бери өзгөрүлбөй келген. Шаардык кеңештин депутаттары да ушул маселенин айланасында иш алып барууда. Кичи автобустардын айдоочулары Бишкек мэриясына жол киренин баасын көтөрүү тууралуу бир нече жолу кайрылып, талабы аткарылбаса, ишин токтотууга даяр экендигин да билдиришкен.

Эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде миграцияда жүргөн жарандар чет мамлекетте иштеген жылдары үчүн пенсиясын ала алышат. Себеби 1-январдан тарта ЕАЭБ курамындагы мамлекеттердин жарандарын пенсия менен камсыздоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясы иштеп чыккан келишим күчүнө кирди.

“Жан Дүйнө”, «Кызыл-Көйнөк», «Жан Жүрөгүм» аттуу ырлардын саптары баарыбызга тааныш болсо керек. Быйыл бул чыгармалардын ээси филология илимдеринин доктору, акын Абдылдажан Акматалиев 65 жаш мааракесин белгилеп олтурат. Буга байланыштуу бүгүн Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада тематикалуу китеп көргөзмөсү жана академиктин туулган күнүнө арналган кече болуп өттү.

Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган пандемия башталгандан бери өлкөдө 4150 медициналык кызматкер вирусту жуктуруп алышкан. Бирок арасында иш учурунда эмес, айрымдары тиричилик маалында же башка шартта ооруга кабылгандар бар. Өкмөттүн токтомуна ылайык, кызыл аймакта иштеп жатып илдетти илештирген дарыгерлерге атайын кенемте төлөнүп берилет. Ак халатчан адистин сыркоолоп калышынын себебин министрликтин комиссиясы аныктайт. Буга чейин 1 миң 177 дарыгер тобокелдик үчүн 200 миң сом өлчөмүндө компенсация алышты. Жыл жаңыргандан бери компенсациянын өлчөмү да өзгөргөн.

Дүрданага жардам берүү үчүн Элсом: 0505 47-89-89 ( апасыныкы)

Кыргызстанда ата-энесинен ажыраган балдарды багып жаткан 44 фостердик үй-бүлө бар. Аларда ата-энелик укугунан ажыраган жарандардын балдары, турмуштук оор кырдаалга туш болгон, жетим калган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, физикалык, психологиялык жактан жабыркаган 72 бала тарбияланууда. Жаңырган жылдан тарта баланы багып алуучу үй-бүлөлөргө төлөнүүчү акынын көлөмү жогорулады. Бул багытта Өкмөт тарабынан “Багып алуучулар жөнүндөгү” жобонун жаңы редакциясы бекитилген.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча 10-январда өткөн референдумда добуш берүүгө катышкан кыргызстандыктардын 80 пайыздан ашыгы президенттик башкаруу формасын тандады. Жарандар үмүт артып артыкчылык берген бул система элдин жашоосуна мамлекеттин кубатына кандай таасирин берет. Президенттик башкаруу менен Кыргызстандын саясий-экономикалык абалын кандай элестетүүгө болот? Айьза Камчыбекова билип көрдү.