Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Эл пикир: «Бармагынан бал тамган» деген сөздүн мааниси кандай?

Саламаттык сактоо министрлигинин автопаркы “Соболь” үлгүсүндөгү жаңы 21 тез жардам унаасы менен толукталды. Ислам Өнүктүрүү Банкынын эсебинен сатылып алынган микроавтобустар аймактарга жеткирилет. Буга чейин аталган уюм Кыргызстанга 66 тез жардам унаасын тапшырган.

Финполдун Оштогу башкармалыгы Түштүк борбордо жашыруун иштеген казинону аныктады. ПикГранд аталышындагы кумаркана учурда жабылып, тергөө амалдары башталды. Кыргызстанда 2012-жылдан тарта казино же кумар оюнунун уюштурууга мыйзам менен тыюуу салынган.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиялык кеңешмесине катышты. Ал Токио шаарында өтүүчү Олимпиадалык жана Параолимпиадалык оюндарга жана Түркия Республикасындагы IV Көчмөндөр оюндарына спортчулардын сапаттуу даярдыгын жүргүзүү, спортчулардын денинин сактыгына көңүл буруу, допингге каршы туруу иштерин улантуу, спорт тармагындагы инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик-жеке долбоорлорду иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Мындан 77 жыл мурда, 1943-жылдын 18-январында Ленинград шаары фашисттик курчоодон бошотулган. Бул датаны утурлай, борбор калаадагы Даир Асанов атындагы сейил багында Ленинград блокадасынын курмандыктары менен каармандары эскерилди. Митинг-реквиемге Президенттик аппараттын өкүлдөрү, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, шаар жетекчилери, согуштун ардагерлери жана мектеп окуучулары катышты. Кененирээк кийинки материалда.

Жазгы талаа жумуштарына даярдануу жыл сайын бирдей схема боюнча жүрбөшү керек. Бул тууралуу Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков атайын кеңешмеде билдириди. Анын айтымында бүгүнкү күндө айыл чарба тармагын башкарууда жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө жаңы ыкмалар керек. Новиков, ошондой эле, жыл сайын 50 миң гектарга жакын жер пайдаланылбай жаткандыгына көңүл бурду. Кеңешмеде кабыл алынган чечимдер тууралуу кийинки сюжетте баяндалат.

28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаров расмий түрдө кызматына киришет. Инаугурация учурунда борбор калаадагы коомдук коопсуздукту 2500дөн ашык милиция кызматкери камсыздайт. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы азем учурунда Манас, Чыңгыз Айтматов жана Чүй проспектилериндеги негизги жолдордо, каршы тилкелерде коомдук жана жеке транспорттордун кыймылына эч кандай чектөөлөр киргизилбей турганын билдирди. Негизги трассадагы жол кесилиштердеги эки тараптуу жол кыймылы кадимкидей эле кыймылда болот.

Ош шаарынын Уркуя Салиева көчөсүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жумуштары жүрүүдө. Буга чейин мыйзамсыз соода күркөлөрү сүрдүрүлсө. Азыр көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын ирээтке келтирүү ишке ашырылууда. Аталган долбоордун алкагында эскилиги жеткен авто гараждар да алынып, ордуна муниципалдык унаа токтоочу жайлар курула баштады.

Кызыл зонада иштеген ыктыярчылардын жана дарыгерлердин эмгегин сүрөтчүлөр даңктагысы келет. Алардын бири, Кыргыз эл сүрөтчүсү Талайбек Усубалиев 5 ай боюу кызыл зонадагылар менен аралашып жүрүп, алардын түйшүгүн коомго жеткирүү аракетинин үстүндө эмгектенди. Усубалиев, ыктыярчы, дарыгерлер гана эмес, блок-посттордо турган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн, колунан келген тамак-ашын, дары-дармегин ташыган элдин дагы образын сүрөткө тартуу аракетинин үстүндө.

Япония Кыргызстанга 241 миң доллар грант бөлөт. Тийиштүү келишимге Күн чыгыш өлкөсүнүн Бишкектеги элчилигинде кол коюлду. Гранттык каражатка Балыкчы шаарындагы кесиптик лицейге, Шопоков шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, Токмок шаарындагы психоневрологиялык мекемеге, Сокулуктагы реабилитациялык борборго медициналык шаймандар, эмеректер, тиричилик техникалары, транспорт каражаттары алынып берилет.

Борбор калаанын жетекчилиги Ош базарын иретке келтирүү үчүн УКМКдан жардам сурады. Эң негизги көйгөй- базардын аймагынан сыртка чыгып, көчөлөргө туруп алып мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөндөр болууда. Аны ирээтке келтирүү үчүн мэрия жана Ленин райондук администрациясы түрдүү аракеттерди көргөнү менен эч кандай майнап чыкпай жаткандай. Күн мурун Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев, мыйзамсыз соода жүргүзгөн сатуучуларга дагы бир ирет кайрылып, мындан ары катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Жогору Кеңештин депутаттарынын саны 120дан 90 эл өкүлүнө чейин кыскарат. Ошол эле учурда Өлкө Президенттик башкарууга өткөнү менен Парламент саясий чечимдерди кабыл алууга катыша турганын Конституциялык кеңешменин бүгүнкү жыйынында айтылды. Айтмакчы баш мыйзамдын долбоорунда парламенттин шайлоо системасы көрсөтүлгөн жок. Кенешменин мүчөлөрү бул маселени Жогорку кеңеш өзү чечет дейт. Сунушталып жаткан Конституция боюнча Президенттик аппараттын жетекчиси бир эле учурда министрлер кабинетин да башкарат.