Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Чаткалдагы Терек-Сай алтын казуучу жайдан цианид төгүлдүбү?

«Эти Бакыр Терек-Сай» алтын казуучу компаниясында авариялык абал болуп, сууга цианид төгүлдү. Мындай билдирүүлөр дем алыш күндөрү коомчулукка массалык маалымат каражаттары аркылуу тараган эле. Эске салсак, бул сыяктуу өзгөчө кырдаал 23 жыл мурда Кумтөр кенинде да болгон. Анын кесепетинен миңдеген адам жабыркаганын баарыбыз билебиз. Бирок Чаткалда болгон авария алтын казуучу компаниянын мүчүлүштүгүбү? Жана ачылган кампадан чыккан саркындыларда уулуу заттар барбы?

2 гектардан ашык жайыт жерди башка категорияга өткөрүп, дээрлик 50 жылга акысыз жаздырып алган. Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле анын жакын туугандары каза болгон жана чет өлкөдө жүргөн жарандарга үлүш катары берилген 18 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз түрдө менчикке өткөрүп алышкан.

Кыргыз адабиятынын тарыхында азыркы жаштар социалдык тармактарга же сыналгыларга кызыгуу адатынан чыгып, окушу керек болгон китептер көп. Коомду ушул көйгөйдөн арылтуу максатында китеп окуу боюнча республикалык олимпиада уюштурулуп, анын жеңүүчүлөрү ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук соңку мезгилде олуттуу маселелердин бирине айланып баратат. Ур-токмокко, катуу мамилеге, зомбулукка кабылып жаткандардын басымдуу бөлүгүн өспүрүмдөр менен аялдар түзөт. Былтыр 9 миң зомбулук фактысы катталган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 12 пайызга көп. Пандемия учурунда көрсөткүч тез өскөнү байкалган. Статистикага ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын он пайызы гана сотко кайрылат. Көбү тосмо арыздын негизинде кайра жарашып алышат. Ушундан улам Жогорку Кеңеш 4 жыл мурда кабыл алган “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” мыйзамы жакшы жемишин бербей келет дешет адистер. Эми зомбулуктан жабыркагандар тосмо арыз жаза албайт. Зомбулук көрсөткөн адамга катуу чаралар көрүлөт. Бул жаатта жаңы мыйзамдын долбоору парламентте каралып жатат.

Бишкекте өткөн дүйшөмбү, 18-январдан тарта салттуу түрдө окуп баштаган окуучулардан коронавирус табылды. Бул маалыматты борбор калаанын мэриясынын Шаардык билим берүү башкармалыгы тастыктады. Калаа бийлиги вирус чыккан мектептерди толугу менен үч күнгө жаап, балдарды аралыктан окутууга өткөрдү. Мындан ары дагы кандай чаралар колдонулат?

Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Лочин Хайдаров сүт азыктарын өндүрүүчү чакан фабрика ачууну көздөп жатат. Бул үчүн фермер Орусиядан атайын сүт багытындагы уйлардын пародасын алып келген. Фермер муну менен гана чектелбестен эт багытындагы бодо малдын санын көбөйтүп, кошуна өзбекстанга эт экспортун жолго коюууну максат кылууда. Оштогу кабарчыбыз Эрмек Муратбек уулу тажрыйбалуу фермердин мал багуудагы кыйынчылыктары жана жетишкендиктери тууралуу айтып берет.