Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Миграция. Көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору

Мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкени кабыл алган жарлыктын экинчиси «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоого багытталган. Жарлыктын негизги максаты ишкерлердин жана инвесторлордун жеке мүлкүн коргоону күчөтүү, ишкердик субъектилердин экономикалык ишмердүүлүгүнө мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу боюнча чаралар каралган. Ал инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү түзүүгө багытталган.

Улуттук маданиятты өнүктүрүү, ал жөнүндө кам көрүү — улутту сактоого, мамлекетибиздин келечеги жөнүндө кам көрүүгө барабар! Садыр Жапаров президенттик ишине киришип жатып, маданият тармагына өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи. Ал ошондой эле маданият тармагын мамлекеттин камкордугуна бөлөй турганын кошумчалады. Алтынчы ажонун билдирүүсүн маданият өкүлдөрү кандай кабыл алды?

Чүй аймактык ооруканасында балдар бөлүмүнүн салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, Ассанабил фондунун башчысы Саид Баюми, ошондой эле оорукананын кызматкерлери катышты.

Ак-Жол — автожол өткөрүү пунктун модернизациялоо боюнча иш сапаттуу, өз убагында жана эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек. Мындай пикирин вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыккан учурда билдирди.

Президент Жапаров кол койгон алгачкы 5 жарлыктын бири Мамлекеттик жаңы кадр саясатына арналды. Ал жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө жеткиликтүүлүгүн камсыздап, бардык кызмат орундарына натыйжалуу кадрдык резервди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет деп божомолдонууда. Ошол эле учурда кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтөт. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкегрлеринин карьералык өсүүсү кантип камсыздалат? Кадр маселелерин чечүүдө коррупция тобокелдигин төмөндөтүүгө болобу?

Жогорку Кеңеште премьер-министрликке сунушталган Улукбек Мариповдун талапкерлиги коалициялык көпчүлүк тарабынан жактырылды. Өкмөт башчылыка аны «Республика-Ата-Журт» парламенттик фракциясы көрсөткөн. Эми маселе комитеттерде жана Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. 41 жаштагы Марипов 2016-жылдан бери Эсеп палатасын жетектеп келген. Баш бакан кызматына сунушталган талапкерге эл өкүлдөрү кандай суроолорду узатып, эмнени талап кылды?