Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Сунушталып жаткан Өкмөттүн жаңы курамына кимдер кирди?

Улукбек Марипов Өкмөттүн курамы жана структурасы боюнча өзү башында турган талапкерлерди сунуштады. Өзүнүн программасында мекемелер менен катар эле кызматкерлердин да санын кыскартуу пландары бар. Анын ою боюнча көптөгөн мамлекеттик органдар бириктирилсе, мамлекеттик казынадан каражатты үнөмдөөгө жол ачылат жана жумуштун натыйжалуулугу кыйла жогорулайт.

Инвесторлорду тартуу, экономиканы калыбына келтирүү жана кошумча кызмат орундарын пайда кылуу менен жаңы жумушчу орундарды түзүү. Геологдор тоо-кен тармагында реформа жүргүзүү менен кризистен чыгууга мүмкүн экендигин кулак кагышат. Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров 29-январда «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган таажы вирусу күн өткөн сайын азайбай, мутацияга кабылууда. Анын жаңы түрү 70ке жакын өлкөдө табылды. Адистер COVID-19дун жаңы штаммы салыштырмалуу оор болот деп эскертишет. Сактансаң — сактайм демекчи, ак халатчандар жарандарды кайрадан күчөтүлгөн тартипте санитардык талаптарды аткарууга чакырышууда.

Мамлекеттик башкаруу секторун оптимизациялоонун алкагында Өкмөттүн курамы кыскартылды. Дагы бир жаңылык — Коргоо министрлиги кайра түзүлүүдө. Президент Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын базасында Коргоо министрлигин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Документте мунун негизги себеби Куралдуу күчтөрүн башкаруу системасын мындан ары өнүктүрүү экени белгиленет.

Өлкөнүн экономикасын калыбына келтирип, тармакты ыкчам өнүктүрүү, ишкердүүлүккө туш-тараптан колдоо көрсөтүү жана калктын жашоо шартын жогорулатуу – бул кызматына жаңыдан киришкен Президент Садыр Жапаровдун ишке ашырууну көздөгөн артыкчылыктуу багыттары. Мамлекет башчысы Кыргызстан коррупцияга белчесинен батып кетти деп, президенттик кызматка келгенге чейин эле, эл менен жолугушуу учурларында да кайталап айтып келген. Инаугурация аземинде Жапаров өз сөзүндө өлкөнү жакырчылыктан алып чыгуунун негизги жолуна токтолуп, коррупцияны ооздуктоо менен экономикалык абалды жакшыртууга көңүл буруларын баса белгилеген.