Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Алты миңдей адам мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турат

Мамлекеттик ипотекалык компания ушул жылдын январь айынан тарта жарандарга насыя бере албай жатат. Буга аталган компаниянын алдыдагы жылдарга болгон иш планы бекитилбегени себеп болууда. Аны бекитүү үчүн өкмөт башчысы кол коюсуу зарыл. Бирок кырдаалга байланыштуу өкмөт башчылар уламдан улам алмашып бул маселе чечилбей келет. Мунун кесепетинен 5жарым минден ашуун адам үй алуу үчүн өз кезегин күтүп турат.

Стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты, маданий-гуманитардык жана экономикалык байланыштарды тереңдетүү — тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттары. Ушул максатта Кыргызстан көптөгөн жылдар бою Россия Федерациясы менен өнөктөштүк мамилелерди чыңдап келет. Өлкөдөгү пандемияга байланышкан кризис, октябрь айындагы окуяларга карабай Орусия кызматташтыкты улантууга кызыкдар, Ал эми Кыргызстан өз кезегинде бул достук мамилени бекемдөөгө дилгир.

Инвесторлордун мамлекеттик органдарга болгон ишеними аз болсо — ишкердикти колдоо татаалга турат. Бул тууралуу Бизнес Акыйкатчы Робин Орд-Смит билдирди. Ал Президент Садыр Жапаровдун “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыгынын күчүнө киришин күтүп жатканын кошумчалап, жарлык ишкердиктин субъекттерин коргоого жана колдоого багытталганын, бул мамлекет башчысынын өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө болгон умтулуусу экенине токтолду.

Энергетика тармагын оптималдаштыруу менен 2 миллиард сом үнөмдөөгө болот. Бул бир гана тармактан. Мамлекеттик структуралардагы кайталанма функциялар жоюлса биринчиден иштин сапаты жогорулайт. Аны түзүү үчүн көп убакыт деле талап кылынбайт. Кесип ээлери кыска мөөнөттө өзүнө алган милдеттенмени аткара баштайт. Мындай пикирлери менен талдоочулар ой бөлүшүп келишет.

Парламент өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана программасын колдоп берди. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралып, жыйынтыгында тиешелүү токтомдор кабыл алынды. Жыйын учурунда бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, жаңы өкмөттүн түзүмүнө, курамына байланышкан сунуштар берилди.