Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өзгөчө аймактардагы ӨКМдин иши

Акыркы айлардын ичинде эле кум шекер, өсүмдүк майы, ун сыяктуу күнүмдүк керектелчү азыктардын баасы кескин жогорулады. Ал эми эт былтыр жай айларынан баштап кымбаттай баштаган. Алгач уй жана кой эти 350 сомдон 400 сомго чейин чыкса, кийинчерээк уй эти 410-450 сомдон, кой эти 380-450 сомго чейин көтөрүлгөн.

Кыргызстанда жыл өткөн сайын эс алуунун активдүү түрлөрүнө кызыккандар көбөйүүдө. Кыштын кычыраган суугуна карабастан, таза абада чер жазып, лыжа, сноуборд, чана тепкен жарандар арбын. Узап кеткен дем алыш күндөрү “Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” аттуу 12-кайрымдуулук фестивалы өттү. Ага эки жүздөн ашык киши катышты.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, энергосектордун потенциалын толук кандуу колдонуу, инвесторлорго жагымдуу климатты түзүү жана бюджеттин тартыштыгын жоюу. Министрлердин жаңы курамынын алдында ушул өңдүү милдеттер жана иштер турат.

Өткөн ишембиде BURANA FASHION WEEK-2021 эл аралык мода жумалыгы жыйынтыкталды. Жумалыкка Россия, Өзбекстан жана Тажикстандын дизайнерлери да чакырылган. 3 күнгө созулган иш-чарада кыргыздын улуттук кийим-кечелери, ар кандай тиричилик буюмдары коюлган көргөзмө да уюштурулган.