Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Сергек жашоо – ден соолуктун жарчысы

Элдин саламаттыгы чың, жашоо узактыгы жогору болсо, мамлекеттин камкордугунан, кубаттуулугунан кабар берет. Серепчилер мамлекет дагы, ошондой эле жарандар да өз ден соолугу үчүн кам көрүшү керек экенин белгилешет. Ал үчүн спорт менен машыгуу, туура тамактануу, эмгек, таза аба, муздак сууга түшүү, кыймыл маанилүү. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн, өнөрлөрүн муундан муунга өткөрүп, үйрөтүү, тарбиялоо абдан маанилүү. Өлкө башчы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Анын негизинде бир катар органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген.

Жылдын “мыкты ишкери», «элдин сыймыгы», “кылым залкары”, «жылдын ардактуу инсаны». Мына бул ардактуу наамдар 21-февралда өз ээлерин тапты. Ар кайсы тармакта эмгектенген мыктылар ардак грамота, төш белги жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2017-жылдан бери 525 жаранга кайтарымсыз кенемте төлөп берди. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууда айыл жергесинде жашагандар жылына 600 сомдон, ал эми шаардагы үй ээлери 1200 сомдон төлөп турушат. Келишимдин мөөнөтү бир жылга түзүлөт. Жыл аягында техникалык паспорт менен үй ээсинин өздүк документинин негизинде келишимдин мөөнөтү дагы бир жылга узартылат.

Тубаса жүрөк оорусу менен жабыркаган кичинекей балдарга акысыз операция жасалууда. Демилге чет элдик кайрымдуулук фонду тарабынан көтөрүлүп, 80ден ашуун баланын жүрөгүнө акысыз операция жасоо мерчемделген. Азыркыга чейин 20 балага ийгиликтүү операция жасалып, бейтаптар үйлөрүнө кайтты. Бардык чыгымдарды жана балдардын мындан аркы реабилитациясын дагы фонд каржылоодо.

Эми Кыргызстандагы саясий партиялар, кесиптик кошуундар жана башка коомдук бирикмелер өзүнүн финансылык жана чарбалык ишмердигинин ачыктыгын камсыз кылат. Анткени мындай норма Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда сунушталууда. Коомчулукта өкмөттүк эмес уюмдар, кесиптик кошуундар өздөрүнүн каржы маселелери тууралуу маалыматтарды ачык берип баштаса, алардын иштерине элдин ишеними артат деген ойлор айтылууда.

Жалгыз бой атага жардам берүүнү каалагандар үчүн 0508 32 79 96 Кубан.