Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдык мааракеси белгиленет

Кыргыздын темир айымы. Күлүйпа Кондучалова «20-кылымдын жана Кыргызстандын тарыхынын легендасы» деп аталат. Кыргыз маданиятынын, искусствосунун көтөрүлүшү жана гүлдөп өсүшү ушул легендарлуу аялдын ысымы менен байланыштуу. Ал иштеген жылдар ичинде көптөгөн мамлекеттик мекемелер мамлекеттик кызматтар курулган.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендердин пенсиясы жөнүндө макулдашууга ылайык, 2022-жылдын январынан тарта Россияда жүргөндөр пенсияга чыгуу үчүн арыз берсе болот. Бул тууралуу Соцфонддун өкүлдөрү бир катар билдирүүлөрдү жасаган. Президент Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарында мигранттар менен жолугуп жатып, мекендештерди каттоо, кара тизмеге кабылгандарга жеңилдиктерди берүү боюнча сунуштар берилгенин айтты.

Апрель айынан баштап Россиядан Кыргызстанга жогорку түшүмдүү уруктар жана дан эгиндери келе баштайт. Президент Садыр Жапаровдун Москвага болгон алгачкы иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн айыл чарба министрлери да жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында стратегиялык өнөктөш бизге керектүү өлчөмдө жана оптималдуу баа менен өсүмдүк майын жана кумшекер жеткирет.

Пандемиянын кесепетинен кризиске учураган өлкөнүн экономикасынын кайрадан өрүш алуусуна шарт түзүү зарыл. Бул үчүн чакан жана орто ишканаларды ачууга инвестицияларды тартуу шарт. Садыр Жапаровдун Москвага болгон иш сапарынын алкагында орус бизнес өкүлдөрү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти. Мындан улам тоо-кен, энергетика, тигүү жана башка тармактарда кызматташуулар болору пландалып жатат.

Кыргызстандагы балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарда 12 миңге жакын бала тарбияланууда. Мындай билим уяларын жылына 400дөй бүтүрүүчү аяктайт. 2014-жылы борбор калаада интернатты бүтүргөн балдар үчүн социалдык жатакана курулган. Мекеме белгилүү себептер менен 8 жылдай ишке берилбей турган. 2020-жылдын соңунда имарат мэриянын балансына өтүп, толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түзүлгөнүнө туура 29 жыл толду. Бул аралыкта өздүк курам өзгөчө коркунучтагы кылмышкерлерди, уюшкан кылмыштуу топторду кармоо боюнча жүздөгөн операцияны ишке ашыра алган.

Бишкекте дагы бир 100 орунду бала бакча пайда болду. Калаанын чок ортосунда орун алган жаңы социалдык мекеме 25-февралда пайдаланууга берилди. Балдар уясы мэриянын эсебинен курулган. Буга бюджеттен жалпы 36 млн сом жумшалды.

0700 21 02 13 Бакай Ташматов. 0700 21 02 13 Элсом.

Жапаровдун алгачкы иш сапары Россия менен болгон кызматташтыкты дагы да арттырат. Эксперттердин пикиринде, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жактан биргелешкен орус-кыргыз алакасынын келечеги чоң мааниге ээ.

“Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбия” бул- өлкө башчысы Садыр Жапаровдун биринчи жарлыгы. Дал ушул жарлыктын негизинде балдарга туура жана татыктуу билим берүү маселелери дагы талкууланууда. Бул үчүн “Манас жана Айтматов” атындагы улуттук академияда илимий чыгармачыл интелегенциянын өкүлдөрү , маданият кызматкерлери жана коомдук ишмерлер төртүнчү ирет чогулду. Аянтчада ар бир катышуучуга өзүнүн сунуш-пикирин, докладын ооз-эки жана жазуу түрүндө жасоого мумкүнчүлүктөр түзүлдү.

Мамлекеттик кадр кызматы акимдерди жана алардын орун басарларынын билим деңгээлин аныктай турчу жана алардын жекечилик милдеттерине тиешелүү тестирлөөрөрдү жүргүзөт. Андан соң гана атайын комиссиялык топ жыйынтык чыгарат. Аттестациянын талаптары жана шарттары жөнүндө бүгүн Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдрахман Маматалиев журналисттерге толук маалымат берди.

Этикеткалоо тутумун түзүү үчүн жардам жана айыл чарба продукцияларын жеткирүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум. Президент Садыр Жапаровдун Москвага болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун деңгээлинде жолугушуулар болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кандай келишимдерге кол коюлду?