Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Денис Бердаков: “Конституцияны билүү — өз укуктарыңды билүү!”

Баш мыйзамдын тегерегиндеги жогорудагыдай эле талкуу Борбор калаада да өткөрүлүүдө. Референдумдун алдында мындай иш-чаралардын мааниси жогору дешет уюштуруучулар.

Конституциянын жалпы элдик добуш берүүгө коюла турчу долбоорун жерине барып тааныштыруу компанясы уланууда. Бул ирет жарандык активист, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнөн түзүлгөн ыктыярдуу топ Нарын облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушту.

Цирк искусствосунун улуттук клоунадасын алгачкы негиздөөчүлөрдүн бири Уркан Урманов. Ал бул тармакта 1971-жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Бийлик жана мансаптан эмес жалындуу көрүүчүлөрдүн кол чабууларынан ырахат алган талант тууралуу Айьза Камчыбекованын материалында.

Түрк кеңеши дүйнө коомчулугу тааныган, түрк интеграциясынын эң башкы, кадыр-барктуу платформасына айланды. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Президент мындан тышкары Түрк дүйнөсүнүн инвестициялык фондунун баш кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштырууну кабыл алууга даяр экенин белгиледи. Жапаров фонддун түзүлүшү менен өлкөлөр арасындагы инвестициялык климат жакшырарына, ошону менен бирге өз ара карым-катнаштарды чыңдаган экономикалык рычаг түзүлөрүнө бекем ишенимин билдирди.

Улуттук акча бирдиги сомдо чагылдырылган тарыхый инсандардын ролдорун кыргыз актерлору социалдык роликтерде жаратты. «Ата-Журттун нукура байлыгы — өз эли» аттуу Улуттук банктын долбоорунун алкагында даярдалган тасмалар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган.

Токтогул районунда жайгашкан Камбар-Ата-1 ГЭСинин кубаттуулугу Токтогул ГЭСинен 600 МегаВаттка көбүрөөк. Бул ири долбоор ишке ашса кошумча кубаттуулук пайда болуп, мамлекетти энергия менен камсыздагандан тышкары, экспорттук потенциалды көтөрүүгө да салым болот. Ушул жылдын август айында комплексттик программанын ишке ашуусу аяктайт.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы мамлекет башчынын ыйгарым укуктарынын кеңейиши, милдети менен жоопкерчилигинин көбөйүшү көпчүлүктөн колдоо тапты. Мындай пикирлер Ысык-Көл жергесинде Конституциянын жаңы долбоорун талкуулаган жолугушууда айтылды.

1-3-апрель күндөрү Баткен облусунун аймагында күч структураларынын «Коопсуздук-2021» аталышындагы машыгуулары өтөт. Буга байланыштуу Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилип, жер-жерлерге блокпосттор коюлат. Машыгууга облустагы күч түзүмдөрүнүн эки миңге жакын кызматкери катышып, 100дөн ашуун ар кандай аскердик техника тартылат. Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө облус аймагындагы ички иштер органынын кызматкерлери күнү-түнү иш алып барат. Коргоо министрлиги машыгуу мезгилинде кооптонууга негиз жок экенин белгилеп, элди коомдук тартипти сактоого чакырат.

11 мамлекеттен келген 80ден ашуун компания өздөрүнүн медициналык продукцияларын Бишкектеги көргөзмөдө көрсөтүүдө. Эң ири делегация Өзбекстан Республикасынан келди. Иш-чарага ошондой эле ата мекендик компаниялардын продукциялары катышууда. Катышуучулар бул аянтчаны узак мөөнөттүү келишимдердин вектору деп да атап коюшат. Алардын айрымдары активдүү өнүгүүгө бет алган.

Кыргызстанда ири энергетикалык «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу максатында курулуш иштери башталды. Долбоор Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан жана Афганистанды бириктирип турат. Бүгүнкү күндө электр берүү чубалгыларын куруу иштери Баткен облусунда кызуу жүрүүдө. Жалпы жонунан Кыргызстандын аймагынан 455 чакырымдагы электр зымдары өтөт. «CASA-1000» долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстан жайкысын электр энергиясын Пакистан жана Афганистанга сатканга мүмкүнчүлүк жаралат. Мында биздин өлкө жылына 80 миллион долларга чейин пайда көрөт.

Өлкөдө билим берүүнүн окуу стандарттарын кайра карап чыгып, бала бакчалардан баштап, бардык окуу жайларда руханий баалуулуктар, каада-салттар, адеп-ахлак боюнча сабактарды кеңейтүү зарыл. Бул туурасында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөн илимий-практикалык конференцияда айтылды. Президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу үчүн Өкмөт коомчулуктун, маданият, илим жана билим берүү ишмерлеринин, бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда 1-июнга чейин концепция иштеп чыгат.

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында бир нече жылдан бери жибектен, жүндөн жана кийизден өз колу менен буюмдарды жасаган аялдар тобу популярдуулукка ээ болууда. Айымдардын колунан жасалган бул эмгектери таанылып, жергиликтүү уз-чеберчиликтерди баалагандарды гана өзүнө тартпастан, этникалык мода багытында иштеген италиялык модельердин да көңүлүн бурду.