Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстандын алгачкы туусу кантип пайда болгон?

Эгемендүүлүктүн кызыл туусуна 29 жыл болот. Мамлекеттин эң башкы символикаларынын бири болгон желектин эскизин ойлоп табууга авторлор 2 күн убакыт коротушуп, 600дөн ашык туунун ичинен бүгүнкү желектин эскизи жеңип чыккан. Туу тууралуу кызыктуу фактылар менен таанышкан биздин чыгармачыл топ желектин автору, Кыргызстандын биринчи туусун тиккен ууз менен жолугуп келди.

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын күнөсканаларына чыныгы жаз келди. Январда себилген бир жылдык гүлдөрдүн уруктары өнө баштады. Жашылдандыруучулар көчөттөрдү шаар клумбаларына олтургузууга чейин дагы өстүрүү үчүн күнөсканадан тере баштады. Отургузуунун алгачкы баскычында Жеңиш аянтына 400 миң гүл отургузулат. Жалпысынан ордо калаанын гүлзарларына бир жарым миллиондой гүл отургузуу, декоративдик жасалгалоо жана бак-дарактарды отургузуу пландалууда.

Садыр Жапаровдун алгачкы мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген келишимдер эки өлкөнүн саясий-экономикалык кызматташууларын жогорулата тургандыгы айтылууда. Серепчилердин пикиринде, азыркы тапта соода жүгүртүү, энергетика жана башка тармактарда эки тараптын алакалары барган сайын өсүп жатат.

Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды. Мындай сунуш парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда айтылды. Демек, жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бир убакта Баш мыйзамдын жаңы редакциясы үчүн жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүү мүмкүндүгү бар.

Президент Садыр Жапаров Казакстанда 2 күндүк мамлекеттик сапары менен жүрөт. Анда мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташуунун актуалдуу маселелерин, өз ара алакалардын келечегин талкуулашты. Ошондой эле чек ара кызматташтыгынын потенциалын ачуу максатында кыргыз-казак Биринчи региондор аралык форумун өткөрүүнүн маанилүүлүгү айтылды. Товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында логистикалык борборду түзүүнү тездетүү тапшырмасы берилди. Нур-Султан шаарында Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери, ал эми Бишкек шаарында Абай Кунанбаевдин эстелиги орнотулмакчы. Мамлекеттик сапардын алкагында Жапаровдун Казак Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин жана Премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушуусу пландалган. Ошол эле учурда, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу мерчемделген.

Садыр Жапаров 2-жана 3-мартта мамлекеттик сапар менен Казакстанга барат. Бул мамлекет башчысынын чет мамлекетке жасаган 2-бирок, борбор азия чөлкөмүнө жасаган алгачкы сапары болот. Ал Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт. Эки боордош өлкөнүн мындан аркы өз ара мамилелеринин келечеги жана ажобуздун пландалып жаткан мамлекеттик сапары тууралуу кийинки сюжетке назар салыңыздар.