Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бишкекте браконьерлерге каршы күрөшкөн 16 егер сыйланды

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнү. Бул маанилүү дата өлкөдө жыл сайын белгиленип келет. Бул жолу иш-чара борбордогу мейманканалардын биринде жапайы жаратылышты коргоочулардын урматына өткөрүлдү. 16 корукчу сыйланды.

Күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздигин алдын алуу үчүн өкмөт тиешелүү токтомго кол койду. Бирок бул жаңылык менен катар айдоочулар күйүүчү-майлоочу майдын жеткиликтүүлүгүнө тынчсыздана башташты. Нефть продуктуларын экспорттоого эмне үчүн тыюу салынды?

Бишкекте Дүйнөлүк Банктын коронавируска каршы долбоорунун алкагында сатылып алынган 15 Нива тез жардам унаасын тапшыруу аземи болуп өттү. Таркатуу планына ылайык, бирден санитардык унаа — Баткен, Чүй жанаТалас облустарына, ал эми Нарын менен Ысык-Көл облусуна экиден, Жалал-Абад менен Ош облусуна үчтөн унаа берилди. Ал арада мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору дагы эки санитардык унаа менен камсыз болду.

Референдум боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Жогорку Кеңештин 3-мартындагы жалпы жыйынында депутаттар биринчи окууда Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге белгилөөнү жактырды.

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Бүгүн Мамлекет башчысы Бишкек шаарына кайтып келди. Боордош элдин борбору Нур-Султандагы жогорку деңгээлдеги жолгушуулар эмнеси менен эсте калды? Анын алкагында кайсыл документтерге кол коюлду?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында казак ишкерлери менен жолугушуп, Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларына кайрылып, эки өлкө тыгыз байланыштарды сактап келе жаткандыгын белгиледи. Кыргызстан негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болгон Казакстан менен соода-экономикалык потенциалды толук пайдаланып жатабы?

«Аш болсунду» конокто билимге суусап турган ПАМИРЛИК кыргыз Тургунбай Памири…»Кыргызстандык кыргыз аялдары эркектер менен чогу аралашып чайлашканына айбай тан калгам» дейт майектешим.